Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кечирип кой»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Толкубас деңиз да күнү түн Токтотор шамалда жүрүшүн Токтобос үзүлбөс энеке Эч качан балаңдан үмүтүн Энеке энеке Азамат болсоң жетик бол Адилдик жаткан бешик бол Теңирдин жолу ошондой уулум Текебер болбой тетик бол Гүлдүн да соолорун билемин Күн деле соолутат илебин Кирдебес соолубас бир гана Энелик эң аруу тилегин Энеке энеке Уйкаш бол уулум жакшы ырга Уяттан ардан тапчылба Аңдабай жаман сөз сүйлөп уулум Адамдын көңүлүн калтырба Сен барда бакчама гүл анат Өзүңсүз чалынсам гүлүңө Бактылуу күнүмдү бөксөртпөй Жаркырап жанымда жүрө бер Энеке энеке Байсалдуу болсун сапарың Байлыкка толсун базарың Сылык бол жана сыпа бол уулум Сынбасын десең назарың Сый урмат көрүп жүрөлү бирге Жашоонун көрүп жыргалын