Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата-эне»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Көп ийрим көлдүн ай жээгинде Кееч курун чыгам сейилге Аккуулар сүзгөн айдың көл Ансайын жагат көңүлгө Гүлдөрүн терип бакыттын жаштыктын Ошого да мен да ашыкмын Эт жүрөк эргип туйлады кыйнады Ашыкмын жаным ашыкмын Күн батса да өзөн шаркырап ай чыгар Туйлаган жүрөк басылар Сүйгөнүм сени сүйгөнум билбедиң Мени да сүйгөн бар чыгар Ашыкмын жаным ашыкмын
  • Асыл тукум мингениң, Салкын төр жайлоо жүргөнүм. Эриктим жылкы кайтарып, Кайдасың, келчи сүйгөнүм. Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн, Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн. Санаадан такыр чыкпайсың, Сагындым, келчи сүйгөнүм. Мен жылкычы, сен чабан Кыйкырып добуш үн салам. Өлкөбүз үчүн иштейли, Өркүндөп өссүн гүл заман.
  • Мен кыргыздын кызымын, Жашоонун билген жомогун. Жылдыз кыргыз киндиктеш, Эгиз деп теңир ат койгон. Эне сүтүнөн кошо аккан, Балага өткөн мээримиң. Ата сөөгүнөн жаралган, Туяк улаган батамын. Мен кыргыздын кызымын, Манастан тегим бүткөн. Мен Курманжан, Каныкей, Мурастап элим күткөн. Кайып дүйнө жашоодон, Кабылан жөлөмөн бүткөн. Айын менен күнүңдүн, Дал өзүнөн түшкөм. Мен кыргыздын кызымын, Канатым жайылган асман. Мээ сергитип эс алдырган, Керемет күүлөр жараткан. Суу, от, ташка кубула, Касиет сырым ушунда. Шамал болуп кулпура, Бешигин термейм жердин да.
  • Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы, Каалабадым сенден бөлөк, башканы. Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн, Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы. Кайырма: Баягыңдай күлчү кайра, Бажырайып жүрчү кайра. Баягыңдай эч кайгырбай, Баягыңдай сүйчү кайра. Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө, Көңүл толуп тең келбеди өзүңө. Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп, Тагдыр сени энчилептир өзүмө. Кайырма: Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү, Канча жолу капа кылдым өзүңдү. Кечир, жаным, суранарым, кечирсең, Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү. Кайырма: