Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эне бала»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Толкубас деңиз да күнү түн
Токтотор шамалда жүрүшүн
Токтобос үзүлбөс энеке
Эч качан балаңдан үмүтүн
Энеке энеке

Азамат болсоң жетик бол
Адилдик жаткан бешик бол
Теңирдин жолу ошондой уулум
Текебер болбой тетик бол

Гүлдүн да соолорун билемин
Күн деле соолутат илебин
Кирдебес соолубас бир гана
Энелик эң аруу тилегин
Энеке энеке

Уйкаш бол уулум жакшы ырга
Уяттан ардан тапчылба
Аңдабай жаман сөз сүйлөп уулум
Адамдын көңүлүн калтырба

Сен барда бакчама гүл анат
Өзүңсүз чалынсам гүлүңө
Бактылуу күнүмдү бөксөртпөй
Жаркырап жанымда жүрө бер
Энеке энеке

Байсалдуу болсун сапарың
Байлыкка толсун базарың
Сылык бол жана сыпа бол уулум
Сынбасын десең назарың
Сый урмат көрүп жүрөлү бирге
Жашоонун көрүп жыргалын

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Алыстан бүлбүл жанып Ак кеме сүзүп келет Алданып үмүтүнө Арга жок күйүтүнө Бармактай байкуш бала Атасын издеп келет Делбиреп учуп-күйүп Жээкке жетип барар Атасы кайрылбастан Кемеси кайрылбастан Мууңкандын заарын укпай Алыстап кетип калат Ак кеме ак кеме Каралдым ата Кайрылчы мага Сагындым сени Ала келет мени Таштаба мени Шыбырап жашын төгүп Узатып кала берет Ал дагы үмүтүнө Арга жок күйүтүнө Кантсе да кала берет Жашын төгө берет Көз жашын төгө берет
  • Сен болсоң тоонун улары, Мен болсом аккан булагы. Булактан улар суу ичсе, Таркайбы жандын кумары? Жаз айы, жамгыр төккөндө, Жаз айы, сулуу көктөмдө, Элжиреп кетти жүрөгүм, Алгачкы жолу өпкөндө. Сен болсоң көлдүн кайыгы, Мен болсом анын балыгы. Кайыкка балык жанашса, Болбостур анын айыбы. Узасаң болду алыска, Жарасаң болду намыска. Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн, Өптүрүп койчу карызга, Сүйдүрүп койчу карызга.