Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаштык ай»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Куса кылган менин жаштыгым
Ырда биздин кучагымды ач бүгүн
Ошол кездер бүтпөчүдөй сезилген
Жаштык кезде билбептирмин аздыгын

Кайырма:

Гүлдөр терип тоодо жүргөн күндөр ай
Көчөө бойлоп жер таптаган жылдар ай
Жаш өткөндө көздөн учуп калаарын
Аны сезип билип жүрдү кимдер ай

Өкүнүчү кубанычы коштогон
Күндөр өттү ырга туйбай боздогон
Эсимде жок элге кызмат кылмакмын
Ойлор келет кээде жүрөк козгогон
Жан дүйнөмө жакчу сөздү табамын

Жан дүйнөмө жакчу сөздү табамын
Өткөн күндөр бизге жашоо сабагы
Өкүнүчтөр болбос ушул турмушта
Ар учурду баалап барктап калалы

Другие песни исполнителя:

  • Асыл тукум мингениң, Салкын төр жайлоо жүргөнүм. Эриктим жылкы кайтарып, Кайдасың, келчи сүйгөнүм. Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн, Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн. Санаадан такыр чыкпайсың, Сагындым, келчи сүйгөнүм. Мен жылкычы, сен чабан Кыйкырып добуш үн салам. Өлкөбүз үчүн иштейли, Өркүндөп өссүн гүл заман.
  • Бүлүк салып сезимиме Жүрөк отун ойготтуң Үмүтүмдү ээлеп алып Махабатты ойгонттуң Асылкечим чече албадым Ичтеги өйүгөн сырды Арман кылып ырдайм ушул ырымды Унчукпайсың Мен да унчукпай кыйналам Аттиң ай кыйналам Дараметим жетпейт экен Сени сүйбөй коюуга Ак сүйүүнүн нурун төкчү Сага барар жолума Сени менен бирге болуп Ой чабытын коштоймун Асылкечим махабатсыз жашай албайт окшоймун
  • Көп ийрим көлдүн ай жээгинде Кееч курун чыгам сейилге Аккуулар сүзгөн айдың көл Ансайын жагат көңүлгө Гүлдөрүн терип бакыттын жаштыктын Ошого да мен да ашыкмын Эт жүрөк эргип туйлады кыйнады Ашыкмын жаным ашыкмын Күн батса да өзөн шаркырап ай чыгар Туйлаган жүрөк басылар Сүйгөнүм сени сүйгөнум билбедиң Мени да сүйгөн бар чыгар Ашыкмын жаным ашыкмын
  • Толкубас деңиз да күнү түн Токтотор шамалда жүрүшүн Токтобос үзүлбөс энеке Эч качан балаңдан үмүтүн Энеке энеке Азамат болсоң жетик бол Адилдик жаткан бешик бол Теңирдин жолу ошондой уулум Текебер болбой тетик бол Гүлдүн да соолорун билемин Күн деле соолутат илебин Кирдебес соолубас бир гана Энелик эң аруу тилегин Энеке энеке Уйкаш бол уулум жакшы ырга Уяттан ардан тапчылба Аңдабай жаман сөз сүйлөп уулум Адамдын көңүлүн калтырба Сен барда бакчама гүл анат Өзүңсүз чалынсам гүлүңө Бактылуу күнүмдү бөксөртпөй Жаркырап жанымда жүрө бер Энеке энеке Байсалдуу болсун сапарың Байлыкка толсун базарың Сылык бол жана сыпа бол уулум Сынбасын десең назарың Сый урмат көрүп жүрөлү бирге Жашоонун көрүп жыргалын