Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сезим ыры»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сезбейсиз балким менин сүйөрүмдү
Сезимде балдак менен жүрөрүмдү
Жөн гана амандашып өтөсүз эй
Жетелеп жаркылдаган түгөйүңдү түгөйүңдү

Калаксыз калкыйт жалгыз кайык көлдө
Каралдым кантип жашайт балык чөлдө
Өмүрлөш жубайыңды билип туруп
Өзүңдү сүйүп калган айып менде

Көңүлгө сүйүү таңы керек жаздай
Ыр жазсам бир өзүңдөн бөлөк жазбайм
Кымбатым эй сизди сүйдүм аттиң бирок
Кыйналдым унутууга себеб таппай

Другие песни исполнителя:

  • Сезимге изин калтырар, Сездирбей күйүп жаркырар, Себепкер болуп ар ишке, Сүрөтү көзгө тартылар. Секунддар сайын ойлонткон, Сенде да максат бар чыгар. Жашоо жол менен чектелер, Жаш кезде иш көп кез келер. Жактырып бирин иштеп кал, Жакшылап байкап сезсеңер, Жашыл гүл солуйт бир күнү, Жаш бойдон калбайт эстеңер. Арманда өмүр өтпөсүн, Ардакта көңүл чөкпөсүн. Акыры чачтар кыйырат, Айтпасак да өңгөсүн, Азыркы жыргал турмушта, Алтындай жаштык көктөсүн, Алоолоп жанып, Ак сүйүү шамы өчпөсүн. Жылдыздар көктөн таранып, Жымындайт бизди каратып, Жаркырай чачса нурларын, Жадыма түшөт балалык. Жалындуу жаштык барында, Жакшы жол тандап алалык, Жаркырай күлчү, Жазылсын черлер таралып.