Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кездешуу»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аппакай бул бакчага саамайыңды
Турмушуң түшүргөн го маанайыңды
Мен болсо жалгыз учкан каркырадай
Жүргөнмүн издеп өткөн таалайымды таалайымды

Мен үчүн жалгыз гана адам элең
Өзүңө жипсиз байлап тушап алган
Кайдасың менин өчпөс махабатым
Жаштыгым бирге өткөргөн кайда калган кайда калган

Махабат сулуулугу жазгы гүлдөй
Учурдук бакыт кушун баркын билбей
Алыстан көз салышып жүрүшөрбүз
Тоолордун чокусунда мөңгүсүндөй мөңгүсүндөй

Другие песни исполнителя:

  • Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы, Каалабадым сенден бөлөк, башканы. Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн, Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы. Кайырма: Баягыңдай күлчү кайра, Бажырайып жүрчү кайра. Баягыңдай эч кайгырбай, Баягыңдай сүйчү кайра. Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө, Көңүл толуп тең келбеди өзүңө. Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп, Тагдыр сени энчилептир өзүмө. Кайырма: Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү, Канча жолу капа кылдым өзүңдү. Кечир, жаным, суранарым, кечирсең, Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү. Кайырма:
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Алыстан бүлбүл жанып Ак кеме сүзүп келет Алданып үмүтүнө Арга жок күйүтүнө Бармактай байкуш бала Атасын издеп келет Делбиреп учуп-күйүп Жээкке жетип барар Атасы кайрылбастан Кемеси кайрылбастан Мууңкандын заарын укпай Алыстап кетип калат Ак кеме ак кеме Каралдым ата Кайрылчы мага Сагындым сени Ала келет мени Таштаба мени Шыбырап жашын төгүп Узатып кала берет Ал дагы үмүтүнө Арга жок күйүтүнө Кантсе да кала берет Жашын төгө берет Көз жашын төгө берет
  • Сезимге изин калтырар, Сездирбей күйүп жаркырар, Себепкер болуп ар ишке, Сүрөтү көзгө тартылар. Секунддар сайын ойлонткон, Сенде да максат бар чыгар. Жашоо жол менен чектелер, Жаш кезде иш көп кез келер. Жактырып бирин иштеп кал, Жакшылап байкап сезсеңер, Жашыл гүл солуйт бир күнү, Жаш бойдон калбайт эстеңер. Арманда өмүр өтпөсүн, Ардакта көңүл чөкпөсүн. Акыры чачтар кыйырат, Айтпасак да өңгөсүн, Азыркы жыргал турмушта, Алтындай жаштык көктөсүн, Алоолоп жанып, Ак сүйүү шамы өчпөсүн. Жылдыздар көктөн таранып, Жымындайт бизди каратып, Жаркырай чачса нурларын, Жадыма түшөт балалык. Жалындуу жаштык барында, Жакшы жол тандап алалык, Жаркырай күлчү, Жазылсын черлер таралып.