Казахские песни Узбекские песни

Песня «Туштук кыз»
исполнителя Чубак Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

«Аке» деген сөзүңдөн айланайын,
Акең болуш менин да самаганым.
Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен,
Урмат-сыйды тартуулап,
Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым.
Кайырма:
Э-э-й, түштүк кызы,
Карындашым, садага,
Карындашым, садага,
Садагасы…
Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын,
Алып эле баратат арбаганың.
Наристем, оо, назыңдан кагылайын,
Наристем, ай, назыңдан ананайын.
Кайырма:
Азырынча мен акең болуп койсом,
Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом.
Кап этпегин, карындаш, анан, анан,
“Аке” деген оозуңдан соруп койсом.

Другие песни исполнителя:

  • Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • Эки тал көрсөң кыйбай жүр, Элиңде жүрсөм сыйлай жүр. Элиңден узап мен кетсем, Эрмегим деп ырдай жүр. Кайырма: Жаштык жалын чагыңда, Ойноп-күлүп жалында. Тагдыр бөлсө арга жок, Тагдырлашым таарынба. Таарынба, таарынба, Көрүшкөнчө сагынба. Сагынба, сагынба, Кош бол эми сагынба… Ак кайың көрсөң кыйбай жүр, Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр. Айлыңдан узап мен кетсем, Алтыным деп ырдай жүр. Кайырма: Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр, Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр. Жаныңдан узап мен кетсем, Жалжалым деп ырдай жүр.