Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сыйлай жур»
исполнителя Чубак Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми сагынба…
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айлыңдан узап мен кетсем,
Алтыным деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Бирге жүрдүк бир далай, Ал күндөрүм жыргал, ай. Азыр жоксуң жанымда, Эңсеп жүрөк кыйнады, ай. Бирге жүрүп кетип калдың, Арга канча, арман, ай? Кайырма: Кагылайын каралдым, Кайсы күнү жаралдың? Жүрөгүмдү эзип кеттиң, Эми жоксуң, кайдан табамын? Өмүр гүлү, жан эркем, Жаштык болот турбайбы. Ойноп-күлгөн бул дүйнө, Аздык болот турбайбы. Жалындаган жаш үмүттү, Жараткан ой ал бир келсе, Өтпөй-кетпей турган кылбайбы. Жалындаган жаш күндөрүн, Кимдер гана эңсебейт? Кайрылып ким, Ал күндөр деп кимдер сүйүп, аны эңсебейт?
  • Жарамазан, жарамазан, Жарамазан айтсак деп, Жабырашып, жабырашып, Жабырашып кайтсак деп. Учуп-күйүп биз келдик, Ушул үйгө туш келдик. Кайырма: Жарамазан бизге айттырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Ат байладык терекке, Ушул үйгө береке. Биз жарайбыз керекке, Ак наныңдан бере кой. Ак батаңды тилей кой, Айланайын, айланайын, Айланайын, энеке. Жарамазан, жарамазан, Жарамазан жалпы экен. Жарамазан, жарамазан, Анык кыргыз салты экен. Салтты билген жигиттер, Кыргызымдын баркы экен. Кайырма: Ата салтын бизге калтырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Шайыр көйнөк белекке, Шакек катып терекке. Биз жарайбыз керекке, Чатак кылбай ишиңди, Чакыр кайынсиңдиңди. Айланайын, айланайын, Айланайын, жеңеке. Жарамазан бизге айттырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Ат байладык терекке, Ушул үйгө береке. Биз жарайбыз керекке, Ак наныңдан бере кой. Ак батаңды тилей кой, Айланайын, айланайын, Айланайын, энеке.
  • «Аке» деген сөзүңдөн айланайын, Акең болуш менин да самаганым. Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен, Урмат-сыйды тартуулап, Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым. Кайырма: Э-э-й, түштүк кызы, Карындашым, садага, Карындашым, садага, Садагасы… Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын, Алып эле баратат арбаганың. Наристем, оо, назыңдан кагылайын, Наристем, ай, назыңдан ананайын. Кайырма: Азырынча мен акең болуп койсом, Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом. Кап этпегин, карындаш, анан, анан, “Аке” деген оозуңдан соруп койсом.
  • Кыргызымда бата бар, Бата берген аталар. Бата алган эр жигит, Элин коргоп жоо сайса, Шер жигит деп даңк алар. Элин коргоп жоо сайган, Манас алган ак бата. Кыргызымдан бата алган, Чыңгыз чыкты даңктана. Наристе үнү жаңырып, Адам келсе арыгып, Жакшы тилек, жакшы үмүт, Ага арнайбыз ак бата, Бата, бата, ак бата, Элим берер ак бата. Жамгырдан жер көгөргөн, Батадан эл көгөрдү. Бата алган кыз келин, Көшөгөсү көгөрүп, Эр азамат төрөлдү. Элим-журтум, уккула, Кыргызымда той мына. Улак тартмай, ат чапмай, Эр жигиттер чыккыла. Манас атам кел мага, Небереге той бердик, Ак батаңды бер мага. Элге карап кол жаят, Той өткөргөн чоң ата. Милдет кылсаң элиме, Мээнет кылып жериме. Элим берсе ак бата, Эмгектенген эр жигит,шер жигит, Дем кошулар демиңе. Эл-жер үчүн жан берген, Чолпонбайга ак бата. Кыргызымдан бата алган, Чыңгыз чыкты даңктана. Манас атам, кел мага, Күч-кубатты бер мага. Бакай атам, кел мага, Ак сакалың жайкалтып, Ак батаңды бер мага, Бата, бата, ак бата, Элим берер ак бата.