Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алоо алоо»
исполнителя Чубак Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кыргызымда бата бар, Бата берген аталар. Бата алган эр жигит, Элин коргоп жоо сайса, Шер жигит деп даңк алар. Элин коргоп жоо сайган, Манас алган ак бата. Кыргызымдан бата алган, Чыңгыз чыкты даңктана. Наристе үнү жаңырып, Адам келсе арыгып, Жакшы тилек, жакшы үмүт, Ага арнайбыз ак бата, Бата, бата, ак бата, Элим берер ак бата. Жамгырдан жер көгөргөн, Батадан эл көгөрдү. Бата алган кыз келин, Көшөгөсү көгөрүп, Эр азамат төрөлдү. Элим-журтум, уккула, Кыргызымда той мына. Улак тартмай, ат чапмай, Эр жигиттер чыккыла. Манас атам кел мага, Небереге той бердик, Ак батаңды бер мага. Элге карап кол жаят, Той өткөргөн чоң ата. Милдет кылсаң элиме, Мээнет кылып жериме. Элим берсе ак бата, Эмгектенген эр жигит,шер жигит, Дем кошулар демиңе. Эл-жер үчүн жан берген, Чолпонбайга ак бата. Кыргызымдан бата алган, Чыңгыз чыкты даңктана. Манас атам, кел мага, Күч-кубатты бер мага. Бакай атам, кел мага, Ак сакалың жайкалтып, Ак батаңды бер мага, Бата, бата, ак бата, Элим берер ак бата.
  • Кайгырбачы кан досум, Жашоодо бар кайгыруу. Айрылдым деп муңканба, Турмушта бар айрылуу. Сагындып деп саргайба, Адамда бар сагынып. Тирүүлүктө багынуу бар, Жаңылуу бар. Ээ-эй, кайгырбачы, Кайгырып кан досум, Кайгыга алдырбачы. Сабыр түбү сары алтын, Сабырлуу бол жан досум. Таш ыргытса бир арам, Аш ыргыткын кан досум. Кары сөзүн капка сал, Достун сөзүн угуп ал. Бул жашоодо жаңылуу бар, Таарынуу бар. Ээ-эй, кайгырбачы, Кайгырып кан досум, Кайгыга алдырбачы. Бул бир келген өмүрдө, Кир калтырба көңүлгө. Сыйлашып өт эл менен, Ошол жакшы өмүрдө. Жашоо – күрөш, тайманба, Акмак айтса арам сөз. Жан кеийтип арданбай, Колдон келсе сыйлашып өт бул жалганда. Ээ-эй, кайгырбачы, Кайгырып кан досум, Кайгыга алдырбачы.
  • Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?