Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кан досума»
исполнителя Чубак Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайгырбачы кан досум,
Жашоодо бар кайгыруу.
Айрылдым деп муңканба,
Турмушта бар айрылуу.
Сагындып деп саргайба,
Адамда бар сагынып.
Тирүүлүктө багынуу бар,
Жаңылуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Сабыр түбү сары алтын,
Сабырлуу бол жан досум.
Таш ыргытса бир арам,
Аш ыргыткын кан досум.
Кары сөзүн капка сал,
Достун сөзүн угуп ал.
Бул жашоодо жаңылуу бар,
Таарынуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Бул бир келген өмүрдө,
Кир калтырба көңүлгө.
Сыйлашып өт эл менен,
Ошол жакшы өмүрдө.
Жашоо – күрөш, тайманба,
Акмак айтса арам сөз.
Жан кеийтип арданбай,
Колдон келсе сыйлашып өт бул жалганда.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.

Другие песни исполнителя:

  • Эки тал көрсөң кыйбай жүр, Элиңде жүрсөм сыйлай жүр. Элиңден узап мен кетсем, Эрмегим деп ырдай жүр. Кайырма: Жаштык жалын чагыңда, Ойноп-күлүп жалында. Тагдыр бөлсө арга жок, Тагдырлашым таарынба. Таарынба, таарынба, Көрүшкөнчө сагынба. Сагынба, сагынба, Кош бол эми сагынба… Ак кайың көрсөң кыйбай жүр, Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр. Айлыңдан узап мен кетсем, Алтыным деп ырдай жүр. Кайырма: Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр, Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр. Жаныңдан узап мен кетсем, Жалжалым деп ырдай жүр.
  • Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • Жарамазан, жарамазан, Жарамазан айтсак деп, Жабырашып, жабырашып, Жабырашып кайтсак деп. Учуп-күйүп биз келдик, Ушул үйгө туш келдик. Кайырма: Жарамазан бизге айттырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Ат байладык терекке, Ушул үйгө береке. Биз жарайбыз керекке, Ак наныңдан бере кой. Ак батаңды тилей кой, Айланайын, айланайын, Айланайын, энеке. Жарамазан, жарамазан, Жарамазан жалпы экен. Жарамазан, жарамазан, Анык кыргыз салты экен. Салтты билген жигиттер, Кыргызымдын баркы экен. Кайырма: Ата салтын бизге калтырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Шайыр көйнөк белекке, Шакек катып терекке. Биз жарайбыз керекке, Чатак кылбай ишиңди, Чакыр кайынсиңдиңди. Айланайын, айланайын, Айланайын, жеңеке. Жарамазан бизге айттырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Ат байладык терекке, Ушул үйгө береке. Биз жарайбыз керекке, Ак наныңдан бере кой. Ак батаңды тилей кой, Айланайын, айланайын, Айланайын, энеке.