Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кара көз»
исполнителя Чубак Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:


Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө?
Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм,
Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө.
Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай.

Көздөрүң сонун капкара,
Көргөндө жүрөк апкаара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге кеттиңби,
Кеттиңби, жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий.

Пейилиң сонун алпейим,
Өзүңдү сүйүп, жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз,
Сен мага, жүрөгүм,
Жүрөгүм толкуйт, кантейин?

Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге,
Мен сага, тагдырга барбы жазганым?

Другие песни исполнителя:

  • Жарамазан, жарамазан, Жарамазан айтсак деп, Жабырашып, жабырашып, Жабырашып кайтсак деп. Учуп-күйүп биз келдик, Ушул үйгө туш келдик. Кайырма: Жарамазан бизге айттырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Ат байладык терекке, Ушул үйгө береке. Биз жарайбыз керекке, Ак наныңдан бере кой. Ак батаңды тилей кой, Айланайын, айланайын, Айланайын, энеке. Жарамазан, жарамазан, Жарамазан жалпы экен. Жарамазан, жарамазан, Анык кыргыз салты экен. Салтты билген жигиттер, Кыргызымдын баркы экен. Кайырма: Ата салтын бизге калтырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Шайыр көйнөк белекке, Шакек катып терекке. Биз жарайбыз керекке, Чатак кылбай ишиңди, Чакыр кайынсиңдиңди. Айланайын, айланайын, Айланайын, жеңеке. Жарамазан бизге айттырган, Айланайын кыргыз калкымдан. Ат байладык терекке, Ушул үйгө береке. Биз жарайбыз керекке, Ак наныңдан бере кой. Ак батаңды тилей кой, Айланайын, айланайын, Айланайын, энеке.
  • Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Үзүлбөгөн үмүт менде, Менден өткөн күйүт сенде. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды.
  • Эки тал көрсөң кыйбай жүр, Элиңде жүрсөм сыйлай жүр. Элиңден узап мен кетсем, Эрмегим деп ырдай жүр. Кайырма: Жаштык жалын чагыңда, Ойноп-күлүп жалында. Тагдыр бөлсө арга жок, Тагдырлашым таарынба. Таарынба, таарынба, Көрүшкөнчө сагынба. Сагынба, сагынба, Кош бол эми сагынба… Ак кайың көрсөң кыйбай жүр, Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр. Айлыңдан узап мен кетсем, Алтыным деп ырдай жүр. Кайырма: Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр, Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр. Жаныңдан узап мен кетсем, Жалжалым деп ырдай жүр.