Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак бата»
исполнителя Чубак Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кыргызымда бата бар,
Бата берген аталар.
Бата алган эр жигит,
Элин коргоп жоо сайса,
Шер жигит деп даңк алар.
Элин коргоп жоо сайган,
Манас алган ак бата.
Кыргызымдан бата алган,
Чыңгыз чыкты даңктана.
Наристе үнү жаңырып,
Адам келсе арыгып,
Жакшы тилек, жакшы үмүт,
Ага арнайбыз ак бата,
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата.
Жамгырдан жер көгөргөн,
Батадан эл көгөрдү.
Бата алган кыз келин,
Көшөгөсү көгөрүп,
Эр азамат төрөлдү.
Элим-журтум, уккула,
Кыргызымда той мына.
Улак тартмай, ат чапмай,
Эр жигиттер чыккыла.
Манас атам кел мага,
Небереге той бердик,
Ак батаңды бер мага.
Элге карап кол жаят,
Той өткөргөн чоң ата.
Милдет кылсаң элиме,
Мээнет кылып жериме.
Элим берсе ак бата,
Эмгектенген эр жигит,шер жигит,
Дем кошулар демиңе.
Эл-жер үчүн жан берген,
Чолпонбайга ак бата.
Кыргызымдан бата алган,
Чыңгыз чыкты даңктана.
Манас атам, кел мага,
Күч-кубатты бер мага.
Бакай атам, кел мага, Ак сакалың жайкалтып,
Ак батаңды бер мага,
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата.

Другие песни исполнителя:

  • Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • «Аке» деген сөзүңдөн айланайын, Акең болуш менин да самаганым. Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен, Урмат-сыйды тартуулап, Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым. Кайырма: Э-э-й, түштүк кызы, Карындашым, садага, Карындашым, садага, Садагасы… Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын, Алып эле баратат арбаганың. Наристем, оо, назыңдан кагылайын, Наристем, ай, назыңдан ананайын. Кайырма: Азырынча мен акең болуп койсом, Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом. Кап этпегин, карындаш, анан, анан, “Аке” деген оозуңдан соруп койсом.
  • Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Үзүлбөгөн үмүт менде, Менден өткөн күйүт сенде. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды.