Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынам»
исполнителя Амир Аскаров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күндөр өттү арадан, эсимден кетпедиң сен.
Көргүм келет кайрадан, сүйүүмө жетпедим мен.
Ойлорумда сен, кыялымда сен,
Жүрөгүмдө жалгыз сен.
Кайырма:
Сагынам сени, бактылуу жүргөн кезимди,
Кусалык кыйнады мени, келчи,
Сүйүүмө жалын берчи.
Жанымда болсоң, сезимиме, жаным, толсоң,
Кучагыма кысып, мен ысып, сени жылытып.
Асман бизге шыбырап арзууга багыт берет,
Өтсө дагы миң убак бир сени сүйгүм келет.
Ойлорумда сен, кыялымда сен,
Жүрөгүмдө жалгыз сен.
Кайырма:
Жанымдан алыс кетпе көңүлүмдү жаралап,
Өңүмдө сен, түшүмдө сен, бир гана сен.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Тагдырым, аяп койчу, суранам, Таалайыма жаралгансың, кубанам. Жаралап сезимди сен, жалгыз калтырба, Жамалың жашырып сен жалганга. Жетелеп сүйүү деми мени алыска, Жан дүйнөмдү арнайын сага. Кайырма: Сени эстеп, Жазымды эңсеп, мен сагынамын, Сени эстеп, сени эстеп, Мээримиң эңсеп мен зарыгамын. Сени эстеп, сени эстеп… Жанымдын жарымындай сагынам, Жолду издеп сага барчу алыстан. Жаралап сезимди сен жалгыз калтырба, Жамалың жашырып сен жалганга. Жетелеп сүйүү деми мени алыска, Жан дүйнөмдү арнайын сага.
  • Канча күндөр сенсиз өттү, Кусалыкта болуп, жоктоп жүрөк оруп. Көп ойлондум кайгы кетти, Таарынычым соолуп, сезим козголуп кайра. Кайырма: Эстей берем ансайын, Кайра сүйүү арнайын. Бир сени сүйөм дайым, Элесиңди унута албай эстей берем, Жетелешип жүргөн күндү эңсей берем. Кайра келчи, бул жашоодо бир бололу, Жүрөктөргө кайра сезим орнотолу. Билем сен да жүргөндүрсүң, Жаңы сезим таппай, башка эч ким жакпай. Сен да баркым билгендирсиң, Менсиз бакыт татпай, жүрөлүчү сактай бирге.
  • Сен мени жараладың аябай, жаным, ай, Алсырап жан дүйнөмө жаш тынбай, жалындай. Эми көңүлүм калса, көздөрүңө алдана, Көз жашым чексиз дайра, Мага сенден так калды. Тагдырыма байландың, Келбегин кайрылып кайра. Кайырма: Адаштырдың мени, Жараландым эми. Не болсо да мейли, Сүйбөйм сени. Ашыгым, ак жолуңдан адашпа, алданба, Башкадан бакыт издеп байланба, тандаба. Эми көңүлүм калса, көздөрүңө алдана, Көз жашым чексиз дайра, Мага сенден так калды. Тагдырыма байландың, Келбегин кайрылып кайра.
  • Бал сымал тамшандырган Өзүң жапкан ысык нан, Ак сүтүң, алдей ырың Азыктантат ырыстан. Мен деп уктабай, Убайым жеген ой санааңа таң берем, Мен деп жалынган тилектериңе Жарык жанып мен келем. Кайырма: Энекем — асыл тирегим, Амандыгың тилеймин. Энекем — кайратым менин, Өмүр берсин Теңирим. Сен аалам чегинде жок Жансың эч ким теңелгис. Мен үчүн баары белең Жазы тоодой кебелгис. Жүрөктөрүңдөн мээрим жайнаган, Жүзүңдөн мен айланам. Каректериңен жарык жанданат, Карааныңа байланам. Кайырма: Энем — менин бейиш төрүм, Берген өмүр белеги. Энем — менин соолбос мээрим көлү, Сен бар жашап келемин.
  • Махабаттын күнү бүткөнүн мен сезип калдым, Жүрөгүмдү жерип, башкага сен кетип калдың, Кубанычтуу күндү кайгыга сен берип салдың. «Менин сүйүүм сага түбөлүктүү» дедиң эле, «Сени сүйөм» деп эркелеп келдиң эле, Көрүп калдым, башка менен жүрдүң неге? Кайгыга салып, тебеледиң сезимимди, Түнүк сүйүү кайда, кезигемби? Кайда, кайда? Кайырма: Сен алдадың, алдадың, башканын колун кармадың, Сен алдадың, алдадың, сүйүүмө тузак салбадың, Сен алдадың, алдадың, махабат ырын жазбадың, Сен алдадың, алдадың, алдадың… Сенсиз деле мезгил жылып өтө берет, Сага сүйүүм келип, кайра кете берет, Ак сүйүүнү баалабасаң, өчө берет. Жүрөк жалгыз, бир адамды тандап сүйүп жүргүн, Сүйүү кымбат, аны дайым билип жүргүн, Сезим тапкын, бакыт сени күтүп жүрсүн. Кайгыга салып, тебеледиң сезимимди, Тунук сүйүү кайда, кезигемби? Кайда, кайда? Кайырма: Унутпай жүрөм, сагынып жалгыз сенин элесиң, Сезими өчкөн, жалындайт жүрөгүм. Сүйбөсөм эстебейт элем жалгыз сени, Сагынбай, сагынбай, сагынбай…