Казахские песни Узбекские песни

Песня «Унутпаймын»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күттүрбөй күн да кеч кирип,
Күткөнүм келбей кечигип.
Байкатпай келер бекен деп,
Бакчада турдум бекинип.
Бакчада турдум бекинип,
Анда мен бакчада турдум бекинип.
Асманда жылдыз чачылып,
Адырдын жели басылып.
Аярлай басып мен барсам,
Алдымдан чыктың ашыгып.
Алдымдан чыктың ашыгып,
Анда сен алдымдан чыктың ашыгып.
Арадан канча күн өттү,
Ачыштыр ыйлай жүрөктү.
Өтсө да учкул убакыт,
Унутпайм ошол мүнөттү.
Унутпайм ошол мүнөттү,
Кантип унутам ошол мүнөттү?

Другие песни исполнителя:

  • Жан биргем деп жалынып сүйгөнүм чын, Жалын болуп отуңа күйгөнүм чын. Чыккым келбей жаныңдан айланчыктап, Башкалардан кызганып жүргөнүм чын. Кайырма: Жарыгымсың, жанымсың, Үмүтүмсүң, шамымсың. Караңгыдан сууруган, Шоола чачкан таңымсың сен. Шоола чачкан өзүң таңымсың. Шоола чачкан таңым өзүңсүң. Сүйүү торун билгизбей жайганым чын, Жипсиз сага байланып калганым чын. Жан эриткен жакшы бир сөзүң үчүн, Өмүрүмдү өзүңө арнаарым чын. Кайырма: Өзгөлөрдөн бөлүнүп жакканың чын, Жан сырымды жашырбай айтканым чын. Жакшы адамдык сапаттын баарын сенден, Издеп жүрүп өзүңдөн тапканым чын.
  • Көктөм сайын сени эстеп,Куса болом, жүрөк дегдеп.Жазгы жамгыр менен кеткен,Көз алдымдан элес кетпейт.Кайырма:Коштошордо коомай кармап колдорумдан,Сен кургур ыйлай бердиң.Ошол жазга жетмек кайда, Кучагыма келчи кайра.Жолдорубуз эки болуп,Жолугушпай калдык эми.Жомок болуп кала берди,Өткөн сүйүү өчпөй деми.Кайырма:Жан дүйнөмө көктөм келди,Турам дагы эңсеп сени.Сагынычымды сага деген,Жеткирсе экен жаздын жели.Кайырма: