Казахские песни Узбекские песни

Песня «Келчи кайра»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көктөм сайын сени эстеп,Куса болом, жүрөк дегдеп.Жазгы жамгыр менен кеткен,Көз алдымдан элес кетпейт.Кайырма:Коштошордо коомай кармап колдорумдан,Сен кургур ыйлай бердиң.Ошол жазга жетмек кайда, Кучагыма келчи кайра.Жолдорубуз эки болуп,Жолугушпай калдык эми.Жомок болуп кала берди,Өткөн сүйүү өчпөй деми.Кайырма:Жан дүйнөмө көктөм келди,Турам дагы эңсеп сени.Сагынычымды сага деген,Жеткирсе экен жаздын жели.Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кайырма: Жайдын бир кезинде, Адырлуу тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап үзгөн, Жайдары селки эсимде. Өзүмдү сага берем деп, Өмүрдүн гүлүн терем деп. Сүйлөшкөн күндөр эсте, Турмуштун сыры тереңдеп. Агарып таңдар аткан, Суюлуп жылдыз баткан. Калдыго бекен эсиңде, Кыйшпайбыз көз карашкан. Антыңды ойлоп таңда, Көңүлүм сенден дайыма. Азыркы шайыр жаштардын, Өзүңдөн болсун дайыма.
  • Кошулушуп эки жаш, Жуп болуптур, жар-жар. Кубанышып эл-журту, Кут конуптур, жар-жар. Толкуп келген мейманга, Той баштайбыз, жар-жар. Болушунча аянбай, Бой таштайбыз, жар-жар. Алтын ордо гүл бакча, Калаалуу бол, жар-жар. Артыңардан ээрчиген, Балалуу бол, жар-жар. Ак элечек колго алып, Ыргап жүргүн, жар-жар. Жакшы менен жаманды, Ылгап жүргүн, жар-жар. Асманда учсун куш болуп, Ак тилегиң, жар-жар. Ажырашпай бир жүрсүн, Ак билегиң, жар-жар. Баскан жериң дайыма, Гүлдүү болсун, жар-жар. Бүгүн курган жашооңор, Бүрдүү болсун, жар-жар. Ырыс алды — ынтымак, Билип жүргүн, жар-жар. Ата-энеге башыңды, Ийип жүргүн, жар-жар. Көлөкөлүү саябан, Бак болгула, жар-жар. Мөмөлөрү ийилген, Шак болгула, жар-жар. Кадыр көңүл табылбайт, Калыс болгун, жар-жар. Ушак менен айыңдан, Алыс болгун, жар-жар. Ак булуттай себилген, Кар болгула, жар-жар. Дайым ушул жашоодо, Бар болгула, жар-жар.