Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айсанам»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сүйгөн кызым кошунам эле
Бир көчөгө бөлүнүп турчу
Күн өткөрбөй жолугат эле
Каш-кирпигиң төгүлүп турчу

Кайырма:

Айсанам айсанам
Мөлтүр-мөлтүр көздөрүңдү көргүм келет
Ошол кезге бир кайрылып баргым келет

Дарактар да жылаңач эле
Аркы көчө көрүнүп турчу
Жолугушуу кыямат эле
Апам көрсө сүйлөнүп турчу

Другие песни исполнителя:

  • Өмүр чиркин суудай агылып, Балалыгым кетти агызып. Узадыбы менден билинбей, Же кеттиңби мага таарынып. Кайырма: Айланайын алтын балалык, Сенде кетти аруу тазалык. Жолугалы дагы бир өмүрдө, Түбөлүккө бирге калалык. Айланайын алтын балалык. Куштай сызып канат кагылып, Айылыма келдим сагынып, Көздөн учат ширин балалык, Кайда калдың менден жашынып Кайырма: Айланайын алтын балалык, Сенде элего аруу тазалык. Жолугалы дагы бир өмүрдө, Түбөлүккө бирге калалык. Айланайын алтын балалык, Мезгил чиркин суудай агылып Балалыгым кетти агызып Узадыбы менден билинбей, Же кеттиңби мага таарынып Кайырма: Кагылайын ширин балалык Сенде элего аруу тазалык. Жолугалы дагы бир өмүрдө, Түбөлүккө бирге калалык. Айланайын алтын балалык, Кайда калды биздин балалык
  • Кайнилерге азил айткан жеңелер Суранайын бүгүн ырдап берсеңер Кел жеңелер чогу ырдап бийлейли Кызганбаса биздин акелер Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун Ичкениңиз Памир чай болсун Келечекте балдарыңыз мингени Жоргологон кашка тай болсун Тамашакөй шайыр мүнөз жеңелер Качан болсо эрмек болот кайниңер Ыраазымын чын жүрөктөн баарыңа Ыза кылып тергеп келдиңер Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун Көңүлдөрдө шаттык жаз болсун Айттырбастан конок келсе үйүңө Тамак эмес кабак каш болсун Бактыңарга аман болсун акелер Жашагыла чогу карып жеңелер Жамандыктар бизден кетип алыска Кайгы капа убай жебеңер
  • Төрөлгөнсүң бөлөнгөнсүң Ак бешикке ыңалап Тай-тай бастың Кас-кас бастың Көлөкөңдү кубалап Күндөр өттү Мезгил өттү Бой жетилдиң сен дагы Үйго бастың көчо бастың Бойдокчулук бул адат Күндөрүңдү өткөрбө Көбүн бекерге А өмүр өтүп жаткан Узун паровоз Курандан бир аяттын Таасири менен Суу ташысам Минип водовоз Кор болгонсуң Зор болгонсуң Жашоо өзү камчылайт Муш бергенсиң Муш жегенсиң Кээде көчө сындырат Ач болгонсуң Ток болгонсуң Өйдө — ылдый болот да Шоктонгонсуң Токтолгонсуң Эми жаша кылдырап Эркек болсоң Баардык эл сүйөт Эркек болсоң Сулуу кыз сүйөт Алдангансың Алдангансың Балким ошол керек да Дос болгонсуң Кас болгонсуң Болбос нерсе себеб да Жаштык өттү жалын өчтү Жаша эми кылдырап Жакшысыңбы Жамансыңбы Жашоо өзү элек да Күндөрүңдү өткөрбө Көбүн бекерге А өмүр өтуп жаткан Узун паровоз Ыймандан бир хадистин Таасири менен Суу ташысам Минип водовоз
  • Эгер болсо таарыныч, Не кыласың таарынып? Өткөн өттү кел, досум, Келечекке кам уруп, Жайнамазга баш уруп. Жакшы адамдар доско бай, Көңүл сүйгөн достор бар. Бири-бириңди чансаң да, Тарых чанбас жолдор бар. Гүл өстүрүп көңүлгө, Не бир сонун сөздөр бар. Өз апаңдай тиктеген, Мээрим толгон көздөр бар. Жакшылыктар көп болуп, Кудай көзү түз болуп. Жүрөйүнчү түбөлүк Досторума дос болуп, Бактылуулук коштолуп. Жакшы адамдар доско бай, Аке-үкө достор бар. Жакшы күндөр көп болот, Бизди күткөн тойлор бар. Бал тамызып көңүлгө, Не бир ширин сөздөр бар, Наристедей тиктеген, Таза, тунук көздөр бар. Кандай адам доско бай, Жүрөгү от шоктор бар. Беш маал намаз окуган, Ыйман толгон достор бар. Нур тамызып жүрөккө, Не бир хадис кептер бар. Досту досум деп билип, Кадырына жеткен бар.