Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жеңелер»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайнилерге азил айткан жеңелер
Суранайын бүгүн ырдап берсеңер
Кел жеңелер чогу ырдап бийлейли
Кызганбаса биздин акелер

Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун
Ичкениңиз Памир чай болсун
Келечекте балдарыңыз мингени
Жоргологон кашка тай болсун

Тамашакөй шайыр мүнөз жеңелер
Качан болсо эрмек болот кайниңер
Ыраазымын чын жүрөктөн баарыңа
Ыза кылып тергеп келдиңер

Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун
Көңүлдөрдө шаттык жаз болсун
Айттырбастан конок келсе үйүңө
Тамак эмес кабак каш болсун

Бактыңарга аман болсун акелер
Жашагыла чогу карып жеңелер
Жамандыктар бизден кетип алыска
Кайгы капа убай жебеңер

Другие песни исполнителя:

  • Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Бирге отурсак арман жок эле. Канат күүлөп калкып турам, Чоң бакытка балкып турам, Кээде түшүп сүйүү жалынга. Жан дүйнөмө батпай келет, Эмне дешти таппай келем Бизди кошкон ушул тагдырга. Тагдыр берген энчим менин, Элжиретип эзбе мени, Жаралдыңбы менин бактыма? Токою бай, жер-жемиши, Асыл жери, жер бейиши — Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга. Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Таңды күтсөк арман жок эле. Элинин да пейили сонун да, Касиеттүү Аксы коюнунда Өмүр сүрсөк арман жок эле. Кашка-Суунун суусун кечип, Бозбу-Атанын гүлүн терип, Оюн салсак кечки адырда. Жан кейиткен жамандардан, Тажап бүттүм ушактардан, Кетеличи жүрчү айылга. Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Таңды күтсөк арман жок эле. Элинин да пейили сонун да, Касиеттүү Аксы коюнунда Өмүр сүрсөк арман жок эле, Бир карысак арман жок эле.
  • Кызыл кызыл гул экен Кызыктырат карачы Кирип алып журоко эй Бир кызыкты салбачы Айланам оо айланым Ушул кыздан айланым Эрчип эле кеткин барго Уй буломо байланам Тор айгырдай талпынып Ыссык колду сузупмун Ушул колдой чалкыдан ей Колдук кызды суйупмун Айланам оо айланым Ушул кыздан айланым Сулуулукту батырган ей Коздорундон жайнадан Омурундун кулгун кези Жаштык экен Кээчикен суйуу бул Арман экен Суйдуруп алгандыгын Билер бекен Агасын убайымга салган экен Айланам оо айланым Ушул кыздан айланым Жаша эле кетким барго Балдарыма байланам
  • Сыртта жамгыр, биз экөөбүз кафеде, Сыр чечише көпкө отурдук бул жерде. Назданасың, жерди карап сөз айтып, Жезде дейсиң, андай дебе, байке де. Кайырма: Ширин, ширин сөзүңдөн, Жылдыз жанат көзүңдөн. Сылап, сылап алгым келди, Чачтарыңдан өрүлгөн. Сүйүү деңиз, биз экөөбүз кемеде, Жүрөгүмдү туйлатасың эмне эле? Отун жактың сезимдерге сүйүүнүн, Болду эми, жигитиңди кел дебе. Кайырма:
  • Кучагы толгон ооматка Кош келдиңиз кош келдиңиз Ноокатка Ноокаттын алмасын Салкын жел абасы Абширды көрдүңбү Суу чыккан аскасын Кайырма : Ноокаттын алмасын Салкын жел абасын Жайкалат карагоо Жапжашыл арчасы Элдери жөнөкөй карапайым Пейилиңен Ноокатым айланайын Ноокаттын муздары Кылымдын кыздары Элжиген тоолору Кар кетпес учтары Уркуя өткөн жер Кулатып өскөн жер Кудайым ченебе Сууну төккөн жер Жерлериң сут берген матадай Келбедиң наристе баладай Ноокаттын алмасы Сары алтын талаасы Жайкалат карагоо Жапжашыл арчасы Суу чыккан аскасы Сагындым сени Ноокатым Качан сага барамын Сагынып сени саргайдым НООКАТЫМ !!!!!!!