Казахские песни Узбекские песни

Песня «Досума»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бөлүшөм досум кайгыңды,
Азаптуу күндө калдыңбы,
Кан жутуп турсаң, кайгырып,
Кантейин каргайм тагдырды.
Иий, оо-ээй, тагдырды, тагдырды…
Кайырма:
Сенин энең, менин энем,
Кимге канча өмүр берген
Ыйлабачы эми досум,
Кайрат кылчы ыйлай бербей,
Энесинен айрылгандан,
Эх, досум жалгыз белең сен,
Бул дүйнөдө жалгыз белең сен.
Боору таш ажал сордубу,
Оо, досум көрбөй тоюңду.
Энекең кетти оо, дүйнө
Кара жер эми тойдубу.
Иий, оо-ээй, тойдубу, тойдубу…
Кайырма:
Сенин энең, менин энем,
Кимге канча өмүр берген
Ыйлабачы эми досум,
Кайрат кылчы ыйлай бербей,
Энесинен айрылгандай,
Эх, досум жалгыз белең сен,
Бул дүйнөдө жалгыз белең сен.

Другие песни исполнителя:

  • Апам мени сулуу кылып төрөгөн, Алпештеген ак бешике бөлөгөн. Карга дагы аппагым дейт баласын, Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн. Бейиш гулу улам төшөлөп, Алтын апа баскан жолунда. Бакыт гулун көпкө терейин, Ата деген тоонун боорунан. Өмүрүмдүн ошол майрамы, Ата-энемди көрсөм жайдары. Ырахматым айта берем да, Дөөлөттөрүм ата жайдагы. Атам менин бийик өскөн чынарым, Апам менин үйдө жанган чырагым. Кирпи дагы жумшагым дейт баласын, Күнү түнү мээримине тунгамын. Бирине-бири шерик да, Атакем чексиз деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Гулдөп бир турса гул багы, Сагыным барчу турагым. Аска-зоо болсон атаке, Апакем мөлтүр булагы. Эх атакем менин, алтын апам, Алыста жүрүп сагынды балаң. Баргым келет сырдашкым келет. Эркелегим келет. Бирине-бири шерик да, Атакем терең деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Жашоонун көрүп жыргалын, Өмүрдүн каалайм узагын. Бактылуу карылык тилейм, Кудайдан ошо сураарым.
  • Алдадыңбы, алдандымбы, Билдирбедиң кабарыңды. Таштадыңбы, ташталдымбы, Сагындым го жамалыңды. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда. Таарындыңбы, таарынттымбы, Балким, өзүм жаңылдымбы. Бактым менин, кайрыл деймин, Сени сүйөм, жаным менин. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
  • Кубарып кусалыктан, Чарчадым сагынычтан, кайдасың, жаным? Арзууларымды, кусалыктарды сезсеңчи, жаным. Ушул күндөрдө келсеңчи, жаным. Кайырма: Саргайдыбы үмүттөр, жалбырактай? Өтүүдө айланып төрт мезгил, кусалыкта. Жеңилдиби көп күндөр убакытка? Сени таппай… Келер деп кышта күткөм, Эңсөөдөн сыздап бүткөм, кайдасың, жаным? Кыялдарымды, кыялбасымды сезсеңчи, жаным. Ушунун баарын билсеңчи, жаным. Кайырма:
  • Жанаша өскөн бийик чынарым Жарыгын чачкан түнкү чырагым Сөйкөсүн салып башка бирөөнүн Азапка салдың мени Бегайым Кандай кылайын кандай кылайын Өзүңдү ойло тартам убайын Жаным Бегайым жаным Бегимай Башка адамга өзүңдү кантип кыйамын Ырларымда сен калдың ынагым Тоодон аккан мөлтүр булагым Жоолугун салып башка бирөөнүн Күйүткө салдың мени Бегайым Короз кыйкырып канатын кагат Жылдыз суюп таң атып барат Кош дедиң кайра кош дедиң кайра Көзүмдөн тунук жаш агып барат Жаным Бегайым жаным Бегайым Башка адамга өзүңдү кантип кыйамын