Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ыйык булак»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сагынтасың мени айылым,
Кусалыктан келет ыйлагым
Бир күч бар го сага байлаган
Бейиш жерим, мекен, турагым
Жыл айланбай келем айылга,
Сенде калган мөлтүр курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.
Кайырма:
Биздин айыл керемет
Сага кай жер тең келет.
Качан келсең берет кубат,
Биздин айыл жапжаш турак
Ага берчи ыйык булак.
Биз чоңойдук жигиттик убак,
Чуркап келип суу ичкен чулак
Балалыгым сенде катылган,
Сен болосуң ыйык булак
Жыл айланбай барам Аксыга,
Сенде калган бала курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.
Кайырма:
Жыл айланбай келем Мукурга,
Сенде калган мөлтүр курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.
Оюн карак бала элем,
Эркелеткен таенем,
Алар кеткен менден узап.
Жигит эле, акелер чачтарында бүгун бубак.
Сен карыба, ыйык булак.

Другие песни исполнителя:

  • А балким, башка бирөө таптың беле? Өзүңчө качып эле… Өзгөрдүң эми неге? Сөздөрүң жаным эле, А балким, башка бирөө сүйдүң беле? Көздөрүң сүйкүм эле, Сөздөрүң ширин эле, Бири жок бүгүн неге? Болушум ушул болсо не кыл дейсиң? Дилимди же билбейсиң, А өмүр өтөр-кетер, Бир келген көз ирмемсиң. Жашоодо өкүнбөгөн адам барбы? Сыйрыдың жараттарды, Бактылуу күндөр келет, Бардыгы жаңы, жаңы. А балким, башка бирөө жакты беле? Жолуңа тартып желе, Кош эми, ыйлайт дебе, Кааларым бакыт эле, Кааларым бакыт эле.
  • Козгобо жүрөк жарасын Дарысын кайдан табасың Дартыма даба сен болуп Алтыным мага жагасың Жолуксак күндө эле, күндө эле Жүрөгүң муз беле Кыйнадың сен неге, сен неге Кыйнадың сен неге, сен неге Аай, Айзирек Кайырма: Айзирек, Айзирек Кыйнадың алтыным Жолубуз кайчы деп Аа, Айзирек От болуп күйүп жанамын Жообуңду качан аламын Өзүңдү тагдыр буюруса Өмүрлөш кылып алайын Сыр болуп мага да, мага да Кыйнадың садага, садага Кетпечи башкага, башкага Чылаба арманга, аа, Айзирек Кайырма: Жолуксак күндө эле, күндө эле Жүрөгүң муз беле Кыйнадың сен неге, сен неге Кыйнадың сен неге, сен неге Аай, Айзирек Кайырма:
  • Апаке, чарчадың го түйшүктүн сапарынан, Жашырып билдирбейсиң кабагыңдан. Баарысын көрүп турам, Буурул баскан саамайыңдан. Бар болчу бактыбызга, Медерим, кагылайын. Апаке, аман жүрчү, Апаке, аман жүрчү, анайын. Мезгилдер шашса дагы, карыбас болсоң кана, Ошону тилей берем, жаным апа. Жашарып жылдан-жылга,Тоо гүлүндөй турсаң кайра… Берейин жаштыгымды, Берекем, кагылайын. Апаке, карыбачы, Апаке, карыбачы, анайын… Мен эми барктап билем, апаке, эмгегиңди, Өстүрүп адам кылдың тентегиңди. Сезбепмин ойноп жүрүп, Карылыкка келгениңди. Бар болчу бактыбызга, Байлыгым, кагылайын. Апаке, аман жүрчү, Апаке, аман жүрчү, анайын.
  • Бул дүйнөгө тигилген данек экенбиз Мансап бийлик байлыка тойоор бекенбиз Айлананы карачы элдер көп жүрөт Миллиондун ичинде жалгыз экенбиз Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Ата-эне карыйбы жашап бала үчүн Аябай күчүн бактысы үчүн Айткылачы балдарың жашайт ким үчүн Ал да бала үчүн Байлык бийлик баардыгы ден соолугуң да Мезгил кайда сапырды досторумду да Бүгүн күнү жашайлы эртең табышмак Жашоо турмуш агызаар бар жогуңду да Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Баатыр гана жашайбы мекен эл үчүн Эл жери үчүң мекени үчүн Айткылачы калганы жашайт ким үчүн Баары өзү үчүн Айкөл гана жашайбы чындык дос үчүн Достору үчүн акырет үчүң Айткылачы досторуң жашайт ким үчүн Анык дос үчүн
  • Жубайыма же койсомбу айтып чынымды, Угуп алгын эртең кеч го азыр ырымды. Акыр бир күн билинер, Канча жүрөм катып сырымды. Кайырма: Бир күн Бишкек, бир күн Ош, Жинди болуп каламбы? Колду шилтеп баарына мен Ошко кетип каламбы? Тентип кетем жетелеп, Али жашсың эркелеп. Эзип бүттүң го, Жубайымды такыр чанамбы. Биротоло Ошто каламбы? Өкүмдарым дейсиң мени, Хюрремим менин. Сен түбүмө жетесиң го, Күйдүрдүң мени, күйдүрбө мени. Атың өчкүр, сүйүү а, Аста-секин алабы кегин. Кайырма: Атың өчкүр, сүйүү а, Мына ушинтип алабы кегин Бир күн Бишкек, бир күн Ош, Жинди болуп каламбы? Колду шилтеп кайра эле мен, Чүйгө кетип каламбы? Тентип кетем жетелеп, Али жашсың эркелеп. Билип бүттүм го, Жубайымды дагы чанамбы? Кайра эле Ошко барамбы?