Казахские песни Узбекские песни

Песня «А балким…»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

А балким, башка бирөө таптың беле?
Өзүңчө качып эле…
Өзгөрдүң эми неге?
Сөздөрүң жаным эле,
А балким, башка бирөө сүйдүң беле?
Көздөрүң сүйкүм эле,
Сөздөрүң ширин эле,
Бири жок бүгүн неге?
Болушум ушул болсо не кыл дейсиң?
Дилимди же билбейсиң,
А өмүр өтөр-кетер,
Бир келген көз ирмемсиң.
Жашоодо өкүнбөгөн адам барбы?
Сыйрыдың жараттарды,
Бактылуу күндөр келет,
Бардыгы жаңы, жаңы.
А балким, башка бирөө жакты беле?
Жолуңа тартып желе,
Кош эми, ыйлайт дебе,
Кааларым бакыт эле,
Кааларым бакыт эле.

Другие песни исполнителя:

  • Күтөм деген сөзүң гана Түбөлүккө сен башкага Болдүңбу эми келинчек Жодураган көзүң гана Убадаңды бердиң мага Ойлодуңбу мени келинчек Келинчек жаш келинчек Жарың менен теп селкинчек Жүрөгүңдө арман толо Ойной албайм мен сенчилеп Келинчек жаш келинчек Жарың менен теп селкинчек Жараладың жүрөгүмдү Дале үзбөйм күдөрүмдү Сезесиңби эй келинчек Ак жоолугуңду баштан алып Махабатты ырга салып Келесиңби ай келинчек Сууну бойлоп күлүп ойноп Жүрөлүчү эй келинчек Сен алдаба муунга салба Жүрөгүмдү эй келинчек Айлуу түнгө чакырайын Арманымды мен айтайын Жолугалы эй келинчек Айды карап жылдыз санап Отуралы ай келинчек Келинчек жаш келинчек Жарың менен теп селкинчек Жүрөгүмдө күйүт толо Ойной албайм мен синчилеп
  • Жүрөккө куса толуп эстедим, Көзгө тартылып айыл кечтери. Көөдөндө жашап наристе сезим, Оюнга тойбос бала кездерим. Кайырма: Сыдырым желден айтам саламды, Классташтарым эсен-аманбы? Окуучуң болуп кайра мектебим, Кайрылып сага барамбы? Сөзүн да укпай агай-эженин, Өкүнөм дале, тентек экенмин. Балалык күндөр сенде калыптыр, Кайтарып берчи кайра, мектебим?! Кайырма:
  • Билбесең ак сүйүүмдү, Не кылам сунуп гүлүмдү Сагынып келдим эле, Көрсөм деп, көрсөм деп Айдай жүзүңдү Сагынып келдим эле, Уксам деп, уксам деп Иииий шыңгыр күлкүңдү Кусанын өттү азабы, Жүзүмдүн өчүп ажары Кездешпей кетет экем да, Алыстан, алыстан келсем атайын Жолукпай кетет экем да, Алыстан, алыстан Иииий келсем атайын Алыстан келдим жол журуп Айлыңдын итин урдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын ичин куйдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын, Иииий ичин күйдүрүп.
  • Сагынтасың мени айылым, Кусалыктан келет ыйлагым Бир күч бар го сага байлаган Бейиш жерим, мекен, турагым Жыл айланбай келем айылга, Сенде калган мөлтүр курак. Кылымдарга жол улап, Ага берчи ар убак, Соолубачы ыйык булак. Кайырма: Биздин айыл керемет Сага кай жер тең келет. Качан келсең берет кубат, Биздин айыл жапжаш турак Ага берчи ыйык булак. Биз чоңойдук жигиттик убак, Чуркап келип суу ичкен чулак Балалыгым сенде катылган, Сен болосуң ыйык булак Жыл айланбай барам Аксыга, Сенде калган бала курак. Кылымдарга жол улап, Ага берчи ар убак, Соолубачы ыйык булак. Кайырма: Жыл айланбай келем Мукурга, Сенде калган мөлтүр курак. Кылымдарга жол улап, Ага берчи ар убак, Соолубачы ыйык булак. Оюн карак бала элем, Эркелеткен таенем, Алар кеткен менден узап. Жигит эле, акелер чачтарында бүгун бубак. Сен карыба, ыйык булак.
  • Бүгүн кетсемби,Эртен кетсемби жайлоо жакка чыгып аралап, Унаа тепсемби күлүн минсемби Күлүгүмдү алсам такалап. Касиетиң башка шүдүгөр, Кирип барсам алан аскада. припев Авлетимдин жайлоосу, Салам чалканды. Балалык күндөр калды, Чоң Атамдын Чоң Энемдин, Бир сенде изи калды. Көл карагай чалканды, Ой алма балтырканды, Аралаган кой айдаган. Бактылуу күндөр калды. 2 куплет Терип жесемби алып кетсемби, Мөлтүрөсө бышып кожогат. Үстүн көрсөмбү жыгып түшсөмбү, Сыр катасын аста кожогат. Ашуу төргө айтып дүбүргөн, Он ачаарды кимдер ашпаган. Припев Авлетимдин жайлоосу, Салам чалканды. Аралап балтырканды, Ээрчип алып чоң атамдын. Тебинип төр атыңды. Көл карагай кууганды, Сагындым каймак нанды. Ошол кезди чоң энемди, Бир кайрып берер барбы. Припев Авлетимдин жайлоосу Салам чалканды. Балалык күндөр калды, Чоң Атамдын Чоң Энемдин, Бир сенде изи калды. Көл карагай чалканды, Кууганды балтырканды. Аралаган кой айдаган, Кайрылбас кезим калды. Жапжашыл кезим калды. Ээрчиген чоң атамды.