Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кусалык»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билбесең ак сүйүүмдү,
Не кылам сунуп гүлүмдү
Сагынып келдим эле,
Көрсөм деп, көрсөм деп
Айдай жүзүңдү
Сагынып келдим эле,
Уксам деп, уксам деп
Иииий шыңгыр күлкүңдү

Кусанын өттү азабы,
Жүзүмдүн өчүп ажары
Кездешпей кетет экем да,
Алыстан, алыстан келсем атайын
Жолукпай кетет экем да,
Алыстан, алыстан
Иииий келсем атайын

Алыстан келдим жол журуп
Айлыңдын итин урдуруп
Келсем бир гана чыкпайсың
Адамдын, адамдын ичин куйдуруп
Келсем бир гана чыкпайсың
Адамдын, адамдын,
Иииий ичин күйдүрүп.

Другие песни исполнителя:

  • Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Бирге отурсак арман жок эле. Канат күүлөп калкып турам, Чоң бакытка балкып турам, Кээде түшүп сүйүү жалынга. Жан дүйнөмө батпай келет, Эмне дешти таппай келем Бизди кошкон ушул тагдырга. Тагдыр берген энчим менин, Элжиретип эзбе мени, Жаралдыңбы менин бактыма? Токою бай, жер-жемиши, Асыл жери, жер бейиши — Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга. Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Таңды күтсөк арман жок эле. Элинин да пейили сонун да, Касиеттүү Аксы коюнунда Өмүр сүрсөк арман жок эле. Кашка-Суунун суусун кечип, Бозбу-Атанын гүлүн терип, Оюн салсак кечки адырда. Жан кейиткен жамандардан, Тажап бүттүм ушактардан, Кетеличи жүрчү айылга. Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Таңды күтсөк арман жок эле. Элинин да пейили сонун да, Касиеттүү Аксы коюнунда Өмүр сүрсөк арман жок эле, Бир карысак арман жок эле.
  • Жаралдың кайдан өмүргө, Жараткан барбы көңүлдө. Тирүүлүк жолун улаган, Ырдайлы өмүр чөлүндө. Төгүлбө өмүр төгүлбө, Ар күнү ойно төрүмдө. Жүз жылга жете жашайлы, Буюрсун аны көрүүгө. Кайырма: Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан жүрөк так калып Мезгилдин улам төрүнө Барабыз чогу акканы Жараткан берген белеги Денеме өмүр шериги Сен барда жыргап жашайлы Бир күнү таштап кетериң Мезгилиң жетсе кезекке Турарсың бир күн бекетте Берген го өтө жакшылык Өмүргө ошол береке
  • Бул дүйнөгө тигилген данек экенбиз Мансап бийлик байлыка тойоор бекенбиз Айлананы карачы элдер көп жүрөт Миллиондун ичинде жалгыз экенбиз Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Ата-эне карыйбы жашап бала үчүн Аябай күчүн бактысы үчүн Айткылачы балдарың жашайт ким үчүн Ал да бала үчүн Байлык бийлик баардыгы ден соолугуң да Мезгил кайда сапырды досторумду да Бүгүн күнү жашайлы эртең табышмак Жашоо турмуш агызаар бар жогуңду да Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Баатыр гана жашайбы мекен эл үчүн Эл жери үчүң мекени үчүн Айткылачы калганы жашайт ким үчүн Баары өзү үчүн Айкөл гана жашайбы чындык дос үчүн Достору үчүн акырет үчүң Айткылачы досторуң жашайт ким үчүн Анык дос үчүн
  • Балапан багып чоңойтсом Темирден канат бүтсө экен. Келечек жарык болуп, Кылымга аман жүрсө экен. Кайырма: Басагой, кана басагой, Атаңа тай-тай басып келегой, келегой. Өмүрүң узун болсун, садага оу, садага оу Сен али бөбөк балапан ий-ий. Басагой, кана басагой, Апаңа эркелеп бир келегой, келегой. Бакытың тоодой болсун садага оу Сен али чырпык балапан. Ийилип турса сынбаган Жан дүйноң бийик болсо экен. Намыска жолдош болуп Дилиңе ыйман толсо экен, толсо экен. Кайырма: Басагой, кана басагой, Атаңа тай-тай басып келегой, келегой. Жытыңа такыр тойбойм садага оу, садага оу Бөбөгүм менин балапан ий-ий. Барагой, кана барагой Апаңа эркелеп бир келегой, келегой. Кылыгың сенин жаным дадага оу, дадага оу Шириним менин балапан. Атаңа тай-тай басып келегой Өмүрүң узун болсун садага оу. Сен али бөбөк балапан ий-ий Барагой, апаңа эркелеп бир келегой. Жытыңа такыр тойбойм дадага оу Сен али бөбөк балапан.
  • Кубанышып апалар, жалпы аялзат Күндөгүдөн жүздөрүндө бугүн күлкү-шат Гүлдестенин мыктысын тандап терейин, Белек кылып бул ырымды ырдап берейин. Бүгүн марттын сегизи, уккуң энеке, Майрамыңда ырдабастан турам эмнеге. Селкилерге ырдайынчы сага карындаш Эжелереге, сүйгөн жарга, сизге жеңеке Батына албай энелер бүгүн кубанып, Кучагында гүлдөр толло ырлар уланып. Аялзаты соолубасын, болсун ар дайым, Бүгүн мен да ырым менен тилек айтайын. Кайырма: Наристеге каалоо айтам, жаткан бешикте, Толкунданып, сүрдөнөмүн белек беришке. Баарыбызды адам кылып, төрөп өстүргөн, Оо, энелер чыкса деймин баары бейишке.