Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өмүргө келесиң»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүргө келесиң баарына көнөсүң
Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың
От болуп жанасың алоолоп өчөсүң
Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң
Жашоого жаралып эх байоо балалык
Чоңойсом экен деп улам бир таянып
Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң
Балалык айылынан алыстап кетесиң

Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да
Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да

Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң
Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң
Жайылып кулачың дос тууган курасың
Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың
Ай жылдар агылып байкатпай камынып
Жолуңан жолуугар буюрса карылык
Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген
Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген

Другие песни исполнителя:

  • Кызыл кызыл гул экен Кызыктырат карачы Кирип алып журоко эй Бир кызыкты салбачы Айланам оо айланым Ушул кыздан айланым Эрчип эле кеткин барго Уй буломо байланам Тор айгырдай талпынып Ыссык колду сузупмун Ушул колдой чалкыдан ей Колдук кызды суйупмун Айланам оо айланым Ушул кыздан айланым Сулуулукту батырган ей Коздорундон жайнадан Омурундун кулгун кези Жаштык экен Кээчикен суйуу бул Арман экен Суйдуруп алгандыгын Билер бекен Агасын убайымга салган экен Айланам оо айланым Ушул кыздан айланым Жаша эле кетким барго Балдарыма байланам
  • Сүйгөн кызым кошунам эле Бир көчөгө бөлүнүп турчу Күн өткөрбөй жолугат эле Каш-кирпигиң төгүлүп турчу Кайырма: Айсанам айсанам Мөлтүр-мөлтүр көздөрүңдү көргүм келет Ошол кезге бир кайрылып баргым келет Дарактар да жылаңач эле Аркы көчө көрүнүп турчу Жолугушуу кыямат эле Апам көрсө сүйлөнүп турчу
  • Кете бер мейли, теңсинбедиң кантейин мени, Бүлүндүбү биздин тагдырлар. Баш ийебиз айла жок эми, арга жок эми. Унутам сени, кайрылба эми. Өксүп бир сыздап, бөксөрдү, Жүрөктүн, сен турган жери. Издейм түбөлүк, Бизди бөлгөн айлуу түндөрдү. Жектеп ыйлайм таш боор тагдырды, Бир өзүңө койбойм күнөөнү. Эстедиңби, алтын күндөрдү. Жашырып айтпайм, эч кимге, Сагынып, жүрөм бирөөнү. Ойлодуңбу, ойлодуңбу балдарыңды? Сыр кылып айтпайм эч кимге, Сагындым жалжалымды.
  • Жолуксам сага Айтам баарысын Жүрөктүн ошол Билсең даарысы Эстедим, эстедим Кыйнады го кургур махабат Көрүнбөй калды Сенден башкасы Сагынып жүрөм Сөздүн кыскасы Эстедим, эстедим Тынч койбоду кургур махабат Эстедим, издедим Кетипсин го жүрөк жаралап. Эстедим, эстедим Жүрөк кургур күтөт кыйналат Эстедим, издедим Кетипсин го жүрок жаралап Сөздөрүм бар сага аманат.
  • Өткүн өткүн өтүп өтүп кет Нөшөрлөтө сүйүү төгүп кет Жазым менин Жолугууга бүгүн келип кет Жүрөгүмдүн гүлүн терип кет Каныкейим жаным менин Сен мага бүтпөгөн дастан болдуң Жүрөктө катылган арман болдуң Эй кантейин Каныкейим Жаным менин Жан дүйнөмө батпай эриккем Жолукканда сүрдөп демиккен Кезим менин Толкун болуп ташып толкуп кел Кучагыма жаным толуп кел Каныкейим жароокерим Сен мага бир келген сүйүү болдуң Жүрөктө түйүлгөн түйүн болдуң Оо кантейин Каныкейим Күн сайын сүйүп барам Бакытка сүңгүп барам Жүрөктө жашап алган Сүйүүмдү кантип танам Өзүңдү эстеп алып Күн сайын ойго батам Каныкейим жаным менин Сездим мен баардыгын айла жогун Сен мага агылган дайра болдуң Оо кантейин Каныкейим