Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өсө бер балам»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кандай бакыт
Балдарыңдын ойногону
Кандай бакыт
Кылыгына тойбогонуң
Атакелеп апакелеп
Моюнуңа оролгону
Жаратканым өмүрүңдү берсе экен
Келечегиң жакшы өмүр сезсе экен
Баатыр болуп
Жоокер болуп
Мекениңе чептей бекем

Кайырма:

Өсө бер балам
Эр жеткин аман
Ошону каалайм
Садагам аман бол балам

Балапаным канаттарын талбаса экен
Аргымагым байгесинен калбаса экен
Аман бол адам бол
Ачуу турмуш таппаса экен

Другие песни исполнителя:

  • Насип бекен жүз көрүштүк да Эсенчилик аманчылыкта Ак калпакчан аталарга ак жоолуучан апаларга Ассоолму алейкум Балапандар шумкар болот да Чырпык өссө чынар болот да Кичинекей жөжөлөргө Наристедей бөбөктөргө Ассалому алейкум Ассалому алейкум/ Кайырма; Салам жалпыга Айтам сахнада Таазим кыламын Элим алдында Түркүлөнүп кийинишет да Көз кысышып тийишишет да Эжелерге жеңелерге Селкилерге перилерге Ассалому алейкум Ассалому алейкум Элин сүйүп жерим деген Эр азамат элим деген Мырзалар га жигиттерге Агаларга инилерге Ассалому алейкум Ассалому алейкум Салам жалпыга Айтам сахнада Башымды ийемин Элим алдында Тизе бүгөмүн Элим алдында
  • Өмүргө келесиң баарына көнөсүң Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың От болуп жанасың алоолоп өчөсүң Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң Жашоого жаралып эх байоо балалык Чоңойсом экен деп улам бир таянып Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң Балалык айылынан алыстап кетесиң Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң Жайылып кулачың дос тууган курасың Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың Ай жылдар агылып байкатпай камынып Жолуңан жолуугар буюрса карылык Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген
  • Кубарып кусалыктан, Чарчадым сагынычтан, кайдасың, жаным? Арзууларымды, кусалыктарды сезсеңчи, жаным. Ушул күндөрдө келсеңчи, жаным. Кайырма: Саргайдыбы үмүттөр, жалбырактай? Өтүүдө айланып төрт мезгил, кусалыкта. Жеңилдиби көп күндөр убакытка? Сени таппай… Келер деп кышта күткөм, Эңсөөдөн сыздап бүткөм, кайдасың, жаным? Кыялдарымды, кыялбасымды сезсеңчи, жаным. Ушунун баарын билсеңчи, жаным. Кайырма:
  • Апам мени сулуу кылып төрөгөн, Алпештеген ак бешике бөлөгөн. Карга дагы аппагым дейт баласын, Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн. Бейиш гулу улам төшөлөп, Алтын апа баскан жолунда. Бакыт гулун көпкө терейин, Ата деген тоонун боорунан. Өмүрүмдүн ошол майрамы, Ата-энемди көрсөм жайдары. Ырахматым айта берем да, Дөөлөттөрүм ата жайдагы. Атам менин бийик өскөн чынарым, Апам менин үйдө жанган чырагым. Кирпи дагы жумшагым дейт баласын, Күнү түнү мээримине тунгамын. Бирине-бири шерик да, Атакем чексиз деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Гулдөп бир турса гул багы, Сагыным барчу турагым. Аска-зоо болсон атаке, Апакем мөлтүр булагы. Эх атакем менин, алтын апам, Алыста жүрүп сагынды балаң. Баргым келет сырдашкым келет. Эркелегим келет. Бирине-бири шерик да, Атакем терең деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Жашоонун көрүп жыргалын, Өмүрдүн каалайм узагын. Бактылуу карылык тилейм, Кудайдан ошо сураарым.
  • Кубанышып апалар, жалпы аялзат Күндөгүдөн жүздөрүндө бугүн күлкү-шат Гүлдестенин мыктысын тандап терейин, Белек кылып бул ырымды ырдап берейин. Бүгүн марттын сегизи, уккуң энеке, Майрамыңда ырдабастан турам эмнеге. Селкилерге ырдайынчы сага карындаш Эжелереге, сүйгөн жарга, сизге жеңеке Батына албай энелер бүгүн кубанып, Кучагында гүлдөр толло ырлар уланып. Аялзаты соолубасын, болсун ар дайым, Бүгүн мен да ырым менен тилек айтайын. Кайырма: Наристеге каалоо айтам, жаткан бешикте, Толкунданып, сүрдөнөмүн белек беришке. Баарыбызды адам кылып, төрөп өстүргөн, Оо, энелер чыкса деймин баары бейишке.