Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызганасың»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн кечке барам жолугалы
Жок жок жок жок кереги жок
Сыр чечишип түнү олтуралык
Ийгиликтин эртеңи жок
Неге бардың ага жолукпачы
Жок жок жок жок барганым жок
Жүрөгүмдү эзип оорутпачы
Ишен жаным башка ардагым жок

Кайырма:

Кызганасың кызганамын
Таарынасың таарынамын
Эми сага эми мага
Не кыламын не кыламын

Барайынбы гүлүмдү колума алып
Жок жок жок жок кереги жок
Сагындым го жаным жолугалы
Кыздарың көп эсеби жок
Мен ишенип сага сүйүп жүрөм
Жок жок жок жок алдабачы
Узатып сени күтүп жүрөм
Менден башка жигит карабачы

Другие песни исполнителя:

  • Стамбул Стамбул Стамбул Стамбул Таңды тосдум деңиз жээгинде Убада маселе сүйгөн маселе Азыр да эсимде эсимде Гаремдин четинде Жаныңда дос эле сапарга кошо эле Керемет таң атты Сыр катат кыз Гуле Бейкапар турасың Стамбул Стамбул Жүрөктүн жарасын козгодуң Стамбул Стамбул Стамбул Сыдырым жел Жүрсө бейкапар Деңиз бетинде Ак чардак учат Стамбул Стамбул Бейкапар турасың Жашоо бир келет бир эле жолу Мындай сүйүүлөр сенде миң жолу Стамбул Стамбул Бейкапар турасың Стамбул Стамбул Жагымдуу сезимдер Жомоктой элестер Калтырдың Стамбул Арзуунун мекени Буюрса келемин Стамбул Стамбул Кылымдар жашадык Үйүмө кайтайын Стамбул Стамбул Бир арзуу Стамбул Келемин Стамбул
  • Апаке, чарчадың го түйшүктүн сапарынан, Жашырып билдирбейсиң кабагыңдан. Баарысын көрүп турам, Буурул баскан саамайыңдан. Бар болчу бактыбызга, Медерим, кагылайын. Апаке, аман жүрчү, Апаке, аман жүрчү, анайын. Мезгилдер шашса дагы, карыбас болсоң кана, Ошону тилей берем, жаным апа. Жашарып жылдан-жылга,Тоо гүлүндөй турсаң кайра… Берейин жаштыгымды, Берекем, кагылайын. Апаке, карыбачы, Апаке, карыбачы, анайын… Мен эми барктап билем, апаке, эмгегиңди, Өстүрүп адам кылдың тентегиңди. Сезбепмин ойноп жүрүп, Карылыкка келгениңди. Бар болчу бактыбызга, Байлыгым, кагылайын. Апаке, аман жүрчү, Апаке, аман жүрчү, анайын.
  • Студенттик кезимде Бүлүк салдың сезимге Ак сүйүбүз кош айтышпай Алмашпаса эч кимге Сүйүүгө жүдөгөн Сүйүүгө күнөкөр болдук эми Махабат деп жүдөдүм Атыр гүлүм менин сүйгөнүм Кайда калды көктөм көздөрүң Атыр гүлүм кайда эми Ширин сөздөрүң Эки жаштын сүйүүсү Эми болду күйүтү Ата-энелер каршы болду Сезимдер соолуйбу Мен эми жүдөгөн өзүнө күнөөкөр Болду го эми Махабат деп жүдөдүм Атыр гүлүм менин сүйгөнүм Болбой калдың апакемдин келини Атыр гүлүм булгадыкпы ыйык сезимди
  • Бак тиктик, дарактар да куурап калды, Тамыры сууга жетпей кургап калды. Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы, Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды. Кайырма: Мен сенден кетейинчи, кетейинчи, Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи. Бактымды бир өзүңө байлаганча, Кыдырып дербиш болуп кетейинчи. Мен сенден кетким келди, кетейинчи, Баарын ал, каалаганың берейинчи. Бүт өмүр бир өзүңө байланганча, Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи. Көңүлгө бир муздактык уюп алды, Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды. Койнуңа чакырбачы, эркелетпе, Жан дүйнөм сенден качып туруп алды. Кайырма: Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды, Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды. Тумчугам кучагыңда түндөр узун, Өчөшүп таңдар дагы атпай калды. Кайырма:
  • Алдадыңбы, алдандымбы, Билдирбедиң кабарыңды. Таштадыңбы, ташталдымбы, Сагындым го жамалыңды. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда. Таарындыңбы, таарынттымбы, Балким, өзүм жаңылдымбы. Бактым менин, кайрыл деймин, Сени сүйөм, жаным менин. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда.