Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен сенден кетейинчи»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.
Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.
Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.
Кайырма:
Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Эгер болсо таарыныч, Не кыласың таарынып? Өткөн өттү кел, досум, Келечекке кам уруп, Жайнамазга баш уруп. Жакшы адамдар доско бай, Көңүл сүйгөн достор бар. Бири-бириңди чансаң да, Тарых чанбас жолдор бар. Гүл өстүрүп көңүлгө, Не бир сонун сөздөр бар. Өз апаңдай тиктеген, Мээрим толгон көздөр бар. Жакшылыктар көп болуп, Кудай көзү түз болуп. Жүрөйүнчү түбөлүк Досторума дос болуп, Бактылуулук коштолуп. Жакшы адамдар доско бай, Аке-үкө достор бар. Жакшы күндөр көп болот, Бизди күткөн тойлор бар. Бал тамызып көңүлгө, Не бир ширин сөздөр бар, Наристедей тиктеген, Таза, тунук көздөр бар. Кандай адам доско бай, Жүрөгү от шоктор бар. Беш маал намаз окуган, Ыйман толгон достор бар. Нур тамызып жүрөккө, Не бир хадис кептер бар. Досту досум деп билип, Кадырына жеткен бар.
  • Жылдар учуп жайлоого Чоң тектирге конобуз Ошол бойдон кышка чейин Кой артында болобуз Көчүп келип жаңыдан Бизге болдуң кошуна Алты канат үй тигип Чоң тектирдин боорунан Козу улагын мааратып Күндо айдайсың кыр ашып Айдай жүзүң келишкен эй Оо алтыным бел ашып Айбике Айбике Кой кайтарсак биз бирге Мүчө бойуң топ келишкен Жар болосуң сен кимге Асылым Айбике Сени бербей эч кимге Ай толгондо жайлоодо Биз ак чөлмөк ойнойбуз Топ жигиттер кызыгышып Дидаарыңа тойбойбуз Ак көйнөгүң желбирейт Жорголотуп ат минсең Айдын сулуу кызы беле Чабан кызы Айбике
  • Жүрөктө мууң Көөдөн толо кусалык Арылбай койдук санаадан Сага жол калган өңдүү тушалып Канткенде калам сагынбай Арман жок эле го Дидарыңа бир тойсом Кайдан келдиң дүйнөмө Чыкпас болуп катылып Сенсиз жашайм күндөрдө Сагынып сагынып сагынып Терезеде гүлүң соолуду Сагынып сагынып Жашоо бизге окутпайт тура А жөн гана көрсөтөт тура Ар бир мүнөт аманат тура Акысы суралат тура Сенсиз күндөр кылымга тете Сагынып сагынып Мен чарчадым а үмүт койбойт Сагынып сагынып