Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айбийке»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жылдар учуп жайлоого
Чоң тектирге конобуз
Ошол бойдон кышка чейин
Кой артында болобуз
Көчүп келип жаңыдан
Бизге болдуң кошуна
Алты канат үй тигип
Чоң тектирдин боорунан

Козу улагын мааратып
Күндо айдайсың кыр ашып
Айдай жүзүң келишкен эй
Оо алтыным бел ашып
Айбике Айбике
Кой кайтарсак биз бирге
Мүчө бойуң топ келишкен
Жар болосуң сен кимге
Асылым Айбике
Сени бербей эч кимге

Ай толгондо жайлоодо
Биз ак чөлмөк ойнойбуз
Топ жигиттер кызыгышып
Дидаарыңа тойбойбуз
Ак көйнөгүң желбирейт
Жорголотуп ат минсең
Айдын сулуу кызы беле
Чабан кызы Айбике

Другие песни исполнителя:

  • Оо менин Чолпонум Күтөм сени дайыма Түбөлүктүү ыр болуп Жүрөктө эле калдың да Кайырма: Оо менин Чолпонум Бир өзүңдү сүйгөнмүн Сүйүп жүрүп жете албай Не кылайын сүйгөнүм Кечиндеси келчи элем Терезеңди чертчи элем Жаным мени көргөндө Күлүп жайнап чыкчу элең Таанышкан күн эсиңдеби Алма бакта бир жүрүп Көргөндө эле арбалыпмын Көздөрүңдү мен сүйүп
  • Козгобо жүрөк жарасын Дарысын кайдан табасың Дартыма даба сен болуп Алтыным мага жагасың Жолуксак күндө эле, күндө эле Жүрөгүң муз беле Кыйнадың сен неге, сен неге Кыйнадың сен неге, сен неге Аай, Айзирек Кайырма: Айзирек, Айзирек Кыйнадың алтыным Жолубуз кайчы деп Аа, Айзирек От болуп күйүп жанамын Жообуңду качан аламын Өзүңдү тагдыр буюруса Өмүрлөш кылып алайын Сыр болуп мага да, мага да Кыйнадың садага, садага Кетпечи башкага, башкага Чылаба арманга, аа, Айзирек Кайырма: Жолуксак күндө эле, күндө эле Жүрөгүң муз беле Кыйнадың сен неге, сен неге Кыйнадың сен неге, сен неге Аай, Айзирек Кайырма:
  • Билбесең ак сүйүүмдү, Не кылам сунуп гүлүмдү Сагынып келдим эле, Көрсөм деп, көрсөм деп Айдай жүзүңдү Сагынып келдим эле, Уксам деп, уксам деп Иииий шыңгыр күлкүңдү Кусанын өттү азабы, Жүзүмдүн өчүп ажары Кездешпей кетет экем да, Алыстан, алыстан келсем атайын Жолукпай кетет экем да, Алыстан, алыстан Иииий келсем атайын Алыстан келдим жол журуп Айлыңдын итин урдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын ичин куйдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын, Иииий ичин күйдүрүп.
  • Бул дүйнөгө тигилген данек экенбиз Мансап бийлик байлыка тойоор бекенбиз Айлананы карачы элдер көп жүрөт Миллиондун ичинде жалгыз экенбиз Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Ата-эне карыйбы жашап бала үчүн Аябай күчүн бактысы үчүн Айткылачы балдарың жашайт ким үчүн Ал да бала үчүн Байлык бийлик баардыгы ден соолугуң да Мезгил кайда сапырды досторумду да Бүгүн күнү жашайлы эртең табышмак Жашоо турмуш агызаар бар жогуңду да Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Баатыр гана жашайбы мекен эл үчүн Эл жери үчүң мекени үчүн Айткылачы калганы жашайт ким үчүн Баары өзү үчүн Айкөл гана жашайбы чындык дос үчүн Достору үчүн акырет үчүң Айткылачы досторуң жашайт ким үчүн Анык дос үчүн
  • Насип бекен жүз көрүштүк да Эсенчилик аманчылыкта Ак калпакчан аталарга ак жоолуучан апаларга Ассоолму алейкум Балапандар шумкар болот да Чырпык өссө чынар болот да Кичинекей жөжөлөргө Наристедей бөбөктөргө Ассалому алейкум Ассалому алейкум/ Кайырма; Салам жалпыга Айтам сахнада Таазим кыламын Элим алдында Түркүлөнүп кийинишет да Көз кысышып тийишишет да Эжелерге жеңелерге Селкилерге перилерге Ассалому алейкум Ассалому алейкум Элин сүйүп жерим деген Эр азамат элим деген Мырзалар га жигиттерге Агаларга инилерге Ассалому алейкум Ассалому алейкум Салам жалпыга Айтам сахнада Башымды ийемин Элим алдында Тизе бүгөмүн Элим алдында