Казахские песни Узбекские песни

Песня «Казак кызга»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Исфана, Исфана, Араладым, издегеним сен гана, Кара көзүм, жолугамбы мен сага? Жолугуп, жолугуп, Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп, А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп. Кайырма: Не кыласың Лейлекте? Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай. Кой, жеңе! Кой, жеңе, Кудалаштык, жакында сен той дебе, Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе. Буулугуп, буулугуп, Коштошо албай колуң турду сунулуп, Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп. Кайырма: Ыйманыңа береке, Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
  • Бөлүшөм досум кайгыңды, Азаптуу күндө калдыңбы, Кан жутуп турсаң, кайгырып, Кантейин каргайм тагдырды. Иий, оо-ээй, тагдырды, тагдырды… Кайырма: Сенин энең, менин энем, Кимге канча өмүр берген Ыйлабачы эми досум, Кайрат кылчы ыйлай бербей, Энесинен айрылгандан, Эх, досум жалгыз белең сен, Бул дүйнөдө жалгыз белең сен. Боору таш ажал сордубу, Оо, досум көрбөй тоюңду. Энекең кетти оо, дүйнө Кара жер эми тойдубу. Иий, оо-ээй, тойдубу, тойдубу… Кайырма: Сенин энең, менин энем, Кимге канча өмүр берген Ыйлабачы эми досум, Кайрат кылчы ыйлай бербей, Энесинен айрылгандай, Эх, досум жалгыз белең сен, Бул дүйнөдө жалгыз белең сен.
  • Күтөм деген сөзүң гана Түбөлүккө сен башкага Болдүңбу эми келинчек Жодураган көзүң гана Убадаңды бердиң мага Ойлодуңбу мени келинчек Келинчек жаш келинчек Жарың менен теп селкинчек Жүрөгүңдө арман толо Ойной албайм мен сенчилеп Келинчек жаш келинчек Жарың менен теп селкинчек Жараладың жүрөгүмдү Дале үзбөйм күдөрүмдү Сезесиңби эй келинчек Ак жоолугуңду баштан алып Махабатты ырга салып Келесиңби ай келинчек Сууну бойлоп күлүп ойноп Жүрөлүчү эй келинчек Сен алдаба муунга салба Жүрөгүмдү эй келинчек Айлуу түнгө чакырайын Арманымды мен айтайын Жолугалы эй келинчек Айды карап жылдыз санап Отуралы ай келинчек Келинчек жаш келинчек Жарың менен теп селкинчек Жүрөгүмдө күйүт толо Ойной албайм мен синчилеп
  • Бүгүн кечке барам жолугалы Жок жок жок жок кереги жок Сыр чечишип түнү олтуралык Ийгиликтин эртеңи жок Неге бардың ага жолукпачы Жок жок жок жок барганым жок Жүрөгүмдү эзип оорутпачы Ишен жаным башка ардагым жок Кайырма: Кызганасың кызганамын Таарынасың таарынамын Эми сага эми мага Не кыламын не кыламын Барайынбы гүлүмдү колума алып Жок жок жок жок кереги жок Сагындым го жаным жолугалы Кыздарың көп эсеби жок Мен ишенип сага сүйүп жүрөм Жок жок жок жок алдабачы Узатып сени күтүп жүрөм Менден башка жигит карабачы
  • Апам мени сулуу кылып төрөгөн, Алпештеген ак бешике бөлөгөн. Карга дагы аппагым дейт баласын, Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн. Бейиш гулу улам төшөлөп, Алтын апа баскан жолунда. Бакыт гулун көпкө терейин, Ата деген тоонун боорунан. Өмүрүмдүн ошол майрамы, Ата-энемди көрсөм жайдары. Ырахматым айта берем да, Дөөлөттөрүм ата жайдагы. Атам менин бийик өскөн чынарым, Апам менин үйдө жанган чырагым. Кирпи дагы жумшагым дейт баласын, Күнү түнү мээримине тунгамын. Бирине-бири шерик да, Атакем чексиз деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Гулдөп бир турса гул багы, Сагыным барчу турагым. Аска-зоо болсон атаке, Апакем мөлтүр булагы. Эх атакем менин, алтын апам, Алыста жүрүп сагынды балаң. Баргым келет сырдашкым келет. Эркелегим келет. Бирине-бири шерик да, Атакем терең деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Жашоонун көрүп жыргалын, Өмүрдүн каалайм узагын. Бактылуу карылык тилейм, Кудайдан ошо сураарым.