Казахские песни Узбекские песни

Песня «Лейлектик кызга»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм, жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.
Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.
Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Другие песни исполнителя:

  • Айтып бүткүс жер сууларын, Кереметсиң Кыргызстаным! Өмүр таңым, киндик каным, Ата-журтум, Кыргызстаным! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Эч бир жерге алмашпасым, Сүйүп тойбойм Кыргызстаным! Зоолоруңду тоолоруңду, Коргоп алаар жасоолуңмун! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Кызматым эл үчүн, Ала-Тоо жер үчүн, Төрөлгөм мекен үчүн Баатырыңмын кайтпасыңмын Сактай алаар сарбазыңмын Мекенимди эл жеримди Коргой алаар жоокериңмин Коргой алаар аскериңмин
  • Жолуксам сага Айтам баарысын Жүрөктүн ошол Билсең даарысы Эстедим, эстедим Кыйнады го кургур махабат Көрүнбөй калды Сенден башкасы Сагынып жүрөм Сөздүн кыскасы Эстедим, эстедим Тынч койбоду кургур махабат Эстедим, издедим Кетипсин го жүрөк жаралап. Эстедим, эстедим Жүрөк кургур күтөт кыйналат Эстедим, издедим Кетипсин го жүрок жаралап Сөздөрүм бар сага аманат.
  • Биз агенттен таанышканбыз жаңы эле, Тизмегимде сендей кыздар аз эле. Күнү-түнү тажабай, күнү-түнү тажабай, Биздин сөздөр бүтпөй келет дагы эле. Кайырма: Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке бир да жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым… Ооба, селки, болом дейсиң Нарындан, Бирок сени көрбөгөнмүн, тааныбайм. Бирде калат жазылып, кээде калат жашынып, Мүнөзүң бар тамашага таарынган. Кайырма: Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. Тажабастан сүйүү сөзүн жазышып, Макул болчу жолугууга барайын. Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Тосуп алчы жолугууга барайын… Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке дагы жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге жүрөк турат, каралдым? Макул десең жолугууга барайын…
  • Ооба жашоо бир келет Сүйүү бир келет Махабатын таппаган Арманда кетет Жоодураган көздөрүң Уурдап караймын Жолукканда качасың Эх ага не себеб Кайырма: Сен жанымсың Сен ойдосуң Жүрөгүмдүн түпкүрүндө ашыгымсың Сен гүлүмсүң Сен күнүмсүң Жүрөгүмдө орун алган асылымсың Ооба жаштык бир келет Таарынтпаш керек Жаштык оту барында Жалындаш керек Карагаттай көзүңдү Сүйүп караймын Кездешкенде качасың Эх ага не себеб