Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тико»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Азырынча мен машина кичине,
Эки үч адам араң батат ичиме.
Эрте болсо мейли, түштө-кечинде,
Качан болсо даяр болом ишиме.
Кайырма:
Чоңойгондо жип болом
Билесиңго азыр атым тико
Көчөлөрдө арзан такси, тико,
Бир бечара байкуш дебе, тико.
Матис деген эжем бар,
Дамас деген акем бар,
А мен болсо балакаймын, тико
Бирде жакшы, бирде жаман кездешет
Мени неге жети айлык деп тилдешет
Ата-Журттум Кореяга кетсемби
Япошкалар жаман көрүп тиктешет
Кайырма:
Шашпагыла жип боломун,
Билесиңго азыр атым тико
Көчөлөрдө арзан такси, тико,
Бир бечара байкуш дебе, тико
Дамас деген жеңем бар,
Матис деген эжем бар,
А мен болсо балакаймын тико.
Кайырма:
Курдашым тоюпсуңго пивого
Белетиң бар шашыласың киного.
Көчөлөрдүн баары азыр «пробка»
Кечигесиң отурбасаң тикого

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөккө куса толуп эстедим, Көзгө тартылып айыл кечтери. Көөдөндө жашап наристе сезим, Оюнга тойбос бала кездерим. Кайырма: Сыдырым желден айтам саламды, Классташтарым эсен-аманбы? Окуучуң болуп кайра мектебим, Кайрылып сага барамбы? Сөзүн да укпай агай-эженин, Өкүнөм дале, тентек экенмин. Балалык күндөр сенде калыптыр, Кайтарып берчи кайра, мектебим?! Кайырма:
  • Кубарып кусалыктан, Чарчадым сагынычтан, кайдасың, жаным? Арзууларымды, кусалыктарды сезсеңчи, жаным. Ушул күндөрдө келсеңчи, жаным. Кайырма: Саргайдыбы үмүттөр, жалбырактай? Өтүүдө айланып төрт мезгил, кусалыкта. Жеңилдиби көп күндөр убакытка? Сени таппай… Келер деп кышта күткөм, Эңсөөдөн сыздап бүткөм, кайдасың, жаным? Кыялдарымды, кыялбасымды сезсеңчи, жаным. Ушунун баарын билсеңчи, жаным. Кайырма:
  • Жанаша өскөн бийик чынарым Жарыгын чачкан түнкү чырагым Сөйкөсүн салып башка бирөөнүн Азапка салдың мени Бегайым Кандай кылайын кандай кылайын Өзүңдү ойло тартам убайын Жаным Бегайым жаным Бегимай Башка адамга өзүңдү кантип кыйамын Ырларымда сен калдың ынагым Тоодон аккан мөлтүр булагым Жоолугун салып башка бирөөнүн Күйүткө салдың мени Бегайым Короз кыйкырып канатын кагат Жылдыз суюп таң атып барат Кош дедиң кайра кош дедиң кайра Көзүмдөн тунук жаш агып барат Жаным Бегайым жаным Бегайым Башка адамга өзүңдү кантип кыйамын
  • Сүйүү отун өчүрбө, Жүрөсүң сен көңүлдө. Таарынбастан, секелегим, Шерик болчу өмүргө. Кайырма: Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон айылга. Бой көтөрүп керилип, Терс бурулба телмирип. Таарынычың жаза албай, Жүдөп бүттүм эзилип. Кайырма: Эркем, эркем, эркем, ай, Эркелетер бекем, ай? Өзүң менен түбөлүккө, Өмүр сүрөр бекем, ай? Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон Аксыга.