Казахские песни Узбекские песни

Песня «Куса»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кубарып кусалыктан,
Чарчадым сагынычтан, кайдасың, жаным?
Арзууларымды, кусалыктарды сезсеңчи, жаным.
Ушул күндөрдө келсеңчи, жаным.
Кайырма:
Саргайдыбы үмүттөр, жалбырактай?
Өтүүдө айланып төрт мезгил, кусалыкта.
Жеңилдиби көп күндөр убакытка?
Сени таппай…
Келер деп кышта күткөм,
Эңсөөдөн сыздап бүткөм, кайдасың, жаным?
Кыялдарымды, кыялбасымды сезсеңчи, жаным.
Ушунун баарын билсеңчи, жаным.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Срок бүтүп малолеткадан Дагы келдим дагы бир ходкага Аман болсом дале чыгармын Эх Апаке бул эле решеткадан Бродягалар толо хатада Каалоо айтат апа сага да Көзгө келет сүйкүм элесиң Эх апаке жатсам норада Бүгүн менин туулган күнүм Тос көтөрөм апалар үчүн Малолетка мужиктер үчүн Дагы дагы братвалар үчүн Куйчу малой бродягалар үчүн Күндө эстечү болдум апамды Мени күтүп чачың агарды Баардыгына өзүм себепкер Эх апаке кечир балаңды Кечир апа кечир тентегиң Уйкун бузуп сүтүң эмгенмин Узак узак болор бул сапар Эх апаке качан жетемин Канча азап тартып мен үчүн Көз жашыңды төгүп күнү түн Жолду карап балам келет деп Эх апаке үзбөй үмүтүн Мезгил өтпөй саатты карап Чыгаар убак күндөрдү санап А мен болсо жатам хатада Эх апаке воляны самап Көп ыйладың төгүп жашыңды Кантип жазам таарынычыңды Жеткире албайм айтып сөз менен Эх апаке сагынычымды Бизде жашоо баары керемет Боштондуктан башка не керек Үмүт менен жашап воля деп Эх апаке ал күн да келет Воля турат дубал артында Жетүү кайда күндөр алыста Эх апаке сагындым сени Эстеп эстеп жашым акты да Кел бродяга кошул катарга Бутафорлор толсун шампанга Шаңга шаңга бөлөнүп Таазим кылып кел апаларга Көктө бир куш канатын кагат Эркин учуп кайдадыр барат Апа сага салам узаттым Решеткадан карап Бүтпөй келет алган жазабыз Мен бошочу күндөр да алыс Жакшылыктын баарын каалаймын Эх апаке узак жашаңыз
  • Студенттик кезимде Бүлүк салдың сезимге Ак сүйүбүз кош айтышпай Алмашпаса эч кимге Сүйүүгө жүдөгөн Сүйүүгө күнөкөр болдук эми Махабат деп жүдөдүм Атыр гүлүм менин сүйгөнүм Кайда калды көктөм көздөрүң Атыр гүлүм кайда эми Ширин сөздөрүң Эки жаштын сүйүүсү Эми болду күйүтү Ата-энелер каршы болду Сезимдер соолуйбу Мен эми жүдөгөн өзүнө күнөөкөр Болду го эми Махабат деп жүдөдүм Атыр гүлүм менин сүйгөнүм Болбой калдың апакемдин келини Атыр гүлүм булгадыкпы ыйык сезимди
  • Бүгүн кечке барам жолугалы Жок жок жок жок кереги жок Сыр чечишип түнү олтуралык Ийгиликтин эртеңи жок Неге бардың ага жолукпачы Жок жок жок жок барганым жок Жүрөгүмдү эзип оорутпачы Ишен жаным башка ардагым жок Кайырма: Кызганасың кызганамын Таарынасың таарынамын Эми сага эми мага Не кыламын не кыламын Барайынбы гүлүмдү колума алып Жок жок жок жок кереги жок Сагындым го жаным жолугалы Кыздарың көп эсеби жок Мен ишенип сага сүйүп жүрөм Жок жок жок жок алдабачы Узатып сени күтүп жүрөм Менден башка жигит карабачы
  • Гул кордум бирок, аны узгонум жок. Эмне учун узом, ал куносу жок. Ак суйуум учун, узгонум менен. Соолутуп аны, канткенде берем. Мен эми акылдан адаштым окшойт, Назданып карашын денемди козгойт. Экообуз откоргон бактылуу кундор, Мен учун болуп калды, ал Бир жомок. Кочодон корсом, жылмайып отсон. Кыйнабай мени, созумо консон. Булардын бары куру Эле кыял. Жалганчы ойлорду канткенде жыям. Мен эми акылдан адаштым окшойт, Назданып карашын денемди козгойт. Экообуз откоргон бактылуу кундор, Мен учун болуп калды, ал Бир жомок.
  • Билем жаным, таарынасың мага дайым, Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин. Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң, Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин. Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын, Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын. Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр, Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.