Казахские песни Узбекские песни

Песня «Коштошуу»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билем жаным, таарынасың мага дайым,
Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин.
Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң,
Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин.
Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын,
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын.
Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр,
Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.

Другие песни исполнителя:

  • Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм, Сен деп жаңылып, эми өкүндүм. Жалган көздөрүң арман коштогон, Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон. Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Сен деп жашагам өмүрдү өткөн, Жол карап дайым озунуп күткөм. Эми кайдасың, аттиң, арман?! Ким менен кеттиң, жашынып жалган? Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?
  • Бөлүшөм досум кайгыңды, Азаптуу күндө калдыңбы, Кан жутуп турсаң, кайгырып, Кантейин каргайм тагдырды. Иий, оо-ээй, тагдырды, тагдырды… Кайырма: Сенин энең, менин энем, Кимге канча өмүр берген Ыйлабачы эми досум, Кайрат кылчы ыйлай бербей, Энесинен айрылгандан, Эх, досум жалгыз белең сен, Бул дүйнөдө жалгыз белең сен. Боору таш ажал сордубу, Оо, досум көрбөй тоюңду. Энекең кетти оо, дүйнө Кара жер эми тойдубу. Иий, оо-ээй, тойдубу, тойдубу… Кайырма: Сенин энең, менин энем, Кимге канча өмүр берген Ыйлабачы эми досум, Кайрат кылчы ыйлай бербей, Энесинен айрылгандай, Эх, досум жалгыз белең сен, Бул дүйнөдө жалгыз белең сен.
  • Апам мени сулуу кылып төрөгөн, Алпештеген ак бешике бөлөгөн. Карга дагы аппагым дейт баласын, Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн. Бейиш гулу улам төшөлөп, Алтын апа баскан жолунда. Бакыт гулун көпкө терейин, Ата деген тоонун боорунан. Өмүрүмдүн ошол майрамы, Ата-энемди көрсөм жайдары. Ырахматым айта берем да, Дөөлөттөрүм ата жайдагы. Атам менин бийик өскөн чынарым, Апам менин үйдө жанган чырагым. Кирпи дагы жумшагым дейт баласын, Күнү түнү мээримине тунгамын. Бирине-бири шерик да, Атакем чексиз деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Гулдөп бир турса гул багы, Сагыным барчу турагым. Аска-зоо болсон атаке, Апакем мөлтүр булагы. Эх атакем менин, алтын апам, Алыста жүрүп сагынды балаң. Баргым келет сырдашкым келет. Эркелегим келет. Бирине-бири шерик да, Атакем терең деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Жашоонун көрүп жыргалын, Өмүрдүн каалайм узагын. Бактылуу карылык тилейм, Кудайдан ошо сураарым.
  • Кандай бакыт Балдарыңдын ойногону Кандай бакыт Кылыгына тойбогонуң Атакелеп апакелеп Моюнуңа оролгону Жаратканым өмүрүңдү берсе экен Келечегиң жакшы өмүр сезсе экен Баатыр болуп Жоокер болуп Мекениңе чептей бекем Кайырма: Өсө бер балам Эр жеткин аман Ошону каалайм Садагам аман бол балам Балапаным канаттарын талбаса экен Аргымагым байгесинен калбаса экен Аман бол адам бол Ачуу турмуш таппаса экен
  • Турналар учуп өтсө, жаз келсе кайтып келер, Жаштышгың өтүп кетсе, кайтарып кимге берер. Толгонуп буулугамын бир собол жүрөк эзер, Өмүрлөр өтүп кетер… Негедир жылдан жылга, саамайлар агаргансыйт, Жаштыгым жаздай эле, күз келип саргайгансыйт. Өмүрдүн барактары бат-баттан айрылгансыйт, Байгеде бараткансып… Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле? Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле? Билинбей мезгил менен, кошулуп агабызбы? Анын да чеги болор жээгине барабызбы? Убакыт токтой турчу, гул терип алайынчы, Сагындым балалыкты… Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле? Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?