Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата-энеме»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Апам мени сулуу кылып төрөгөн,
Алпештеген ак бешике бөлөгөн.
Карга дагы аппагым дейт баласын,
Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн.
Бейиш гулу улам төшөлөп,
Алтын апа баскан жолунда.
Бакыт гулун көпкө терейин,
Ата деген тоонун боорунан.
Өмүрүмдүн ошол майрамы,
Ата-энемди көрсөм жайдары.
Ырахматым айта берем да,
Дөөлөттөрүм ата жайдагы.
Атам менин бийик өскөн чынарым,
Апам менин үйдө жанган чырагым.
Кирпи дагы жумшагым дейт баласын,
Күнү түнү мээримине тунгамын.
Бирине-бири шерик да,
Атакем чексиз деңиз да.
Садаган кетем апаке,
Таманың астын бейиш да.
Гулдөп бир турса гул багы,
Сагыным барчу турагым.
Аска-зоо болсон атаке,
Апакем мөлтүр булагы.
Эх атакем менин, алтын апам,
Алыста жүрүп сагынды балаң.
Баргым келет сырдашкым келет.
Эркелегим келет.
Бирине-бири шерик да,
Атакем терең деңиз да.
Садаган кетем апаке,
Таманың астын бейиш да.
Жашоонун көрүп жыргалын,
Өмүрдүн каалайм узагын.
Бактылуу карылык тилейм,
Кудайдан ошо сураарым.

Другие песни исполнителя:

  • Алдадыңбы, алдандымбы, Билдирбедиң кабарыңды. Таштадыңбы, ташталдымбы, Сагындым го жамалыңды. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда. Таарындыңбы, таарынттымбы, Балким, өзүм жаңылдымбы. Бактым менин, кайрыл деймин, Сени сүйөм, жаным менин. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
  • Билбесең ак сүйүүмдү, Не кылам сунуп гүлүмдү Сагынып келдим эле, Көрсөм деп, көрсөм деп Айдай жүзүңдү Сагынып келдим эле, Уксам деп, уксам деп Иииий шыңгыр күлкүңдү Кусанын өттү азабы, Жүзүмдүн өчүп ажары Кездешпей кетет экем да, Алыстан, алыстан келсем атайын Жолукпай кетет экем да, Алыстан, алыстан Иииий келсем атайын Алыстан келдим жол журуп Айлыңдын итин урдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын ичин куйдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын, Иииий ичин күйдүрүп.
  • Бак тиктик, дарактар да куурап калды, Тамыры сууга жетпей кургап калды. Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы, Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды. Кайырма: Мен сенден кетейинчи, кетейинчи, Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи. Бактымды бир өзүңө байлаганча, Кыдырып дербиш болуп кетейинчи. Мен сенден кетким келди, кетейинчи, Баарын ал, каалаганың берейинчи. Бүт өмүр бир өзүңө байланганча, Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи. Көңүлгө бир муздактык уюп алды, Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды. Койнуңа чакырбачы, эркелетпе, Жан дүйнөм сенден качып туруп алды. Кайырма: Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды, Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды. Тумчугам кучагыңда түндөр узун, Өчөшүп таңдар дагы атпай калды. Кайырма:
  • Өмүргө келесиң баарына көнөсүң Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың От болуп жанасың алоолоп өчөсүң Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң Жашоого жаралып эх байоо балалык Чоңойсом экен деп улам бир таянып Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң Балалык айылынан алыстап кетесиң Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң Жайылып кулачың дос тууган курасың Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың Ай жылдар агылып байкатпай камынып Жолуңан жолуугар буюрса карылык Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген
  • Сүйүү отун өчүрбө, Жүрөсүң сен көңүлдө. Таарынбастан, секелегим, Шерик болчу өмүргө. Кайырма: Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон айылга. Бой көтөрүп керилип, Терс бурулба телмирип. Таарынычың жаза албай, Жүдөп бүттүм эзилип. Кайырма: Эркем, эркем, эркем, ай, Эркелетер бекем, ай? Өзүң менен түбөлүккө, Өмүр сүрөр бекем, ай? Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон Аксыга.