Казахские песни Узбекские песни

Песня «Туулган күн»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс

Срок бүтүп малолеткадан
Дагы келдим дагы бир ходкага
Аман болсом дале чыгармын
Эх Апаке бул эле решеткадан
Бродягалар толо хатада
Каалоо айтат апа сага да
Көзгө келет сүйкүм элесиң
Эх апаке жатсам норада

Бүгүн менин туулган күнүм
Тос көтөрөм апалар үчүн
Малолетка мужиктер үчүн
Дагы дагы братвалар үчүн
Куйчу малой бродягалар үчүн

Күндө эстечү болдум апамды
Мени күтүп чачың агарды
Баардыгына өзүм себепкер
Эх апаке кечир балаңды
Кечир апа кечир тентегиң
Уйкун бузуп сүтүң эмгенмин
Узак узак болор бул сапар
Эх апаке качан жетемин

Канча азап тартып мен үчүн
Көз жашыңды төгүп күнү түн
Жолду карап балам келет деп
Эх апаке үзбөй үмүтүн
Мезгил өтпөй саатты карап
Чыгаар убак күндөрдү санап
А мен болсо жатам хатада
Эх апаке воляны самап

Көп ыйладың төгүп жашыңды
Кантип жазам таарынычыңды
Жеткире албайм айтып сөз менен
Эх апаке сагынычымды
Бизде жашоо баары керемет
Боштондуктан башка не керек
Үмүт менен жашап воля деп
Эх апаке ал күн да келет

Воля турат дубал артында
Жетүү кайда күндөр алыста
Эх апаке сагындым сени
Эстеп эстеп жашым акты да
Кел бродяга кошул катарга
Бутафорлор толсун шампанга
Шаңга шаңга бөлөнүп
Таазим кылып кел апаларга

Көктө бир куш канатын кагат
Эркин учуп кайдадыр барат
Апа сага салам узаттым
Решеткадан карап
Бүтпөй келет алган жазабыз
Мен бошочу күндөр да алыс
Жакшылыктын баарын каалаймын
Эх апаке узак жашаңыз

Другие песни исполнителя:

  • Апам мени сулуу кылып төрөгөн, Алпештеген ак бешике бөлөгөн. Карга дагы аппагым дейт баласын, Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн. Бейиш гулу улам төшөлөп, Алтын апа баскан жолунда. Бакыт гулун көпкө терейин, Ата деген тоонун боорунан. Өмүрүмдүн ошол майрамы, Ата-энемди көрсөм жайдары. Ырахматым айта берем да, Дөөлөттөрүм ата жайдагы. Атам менин бийик өскөн чынарым, Апам менин үйдө жанган чырагым. Кирпи дагы жумшагым дейт баласын, Күнү түнү мээримине тунгамын. Бирине-бири шерик да, Атакем чексиз деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Гулдөп бир турса гул багы, Сагыным барчу турагым. Аска-зоо болсон атаке, Апакем мөлтүр булагы. Эх атакем менин, алтын апам, Алыста жүрүп сагынды балаң. Баргым келет сырдашкым келет. Эркелегим келет. Бирине-бири шерик да, Атакем терең деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Жашоонун көрүп жыргалын, Өмүрдүн каалайм узагын. Бактылуу карылык тилейм, Кудайдан ошо сураарым.
  • Бак тиктик, дарактар да куурап калды, Тамыры сууга жетпей кургап калды. Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы, Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды. Кайырма: Мен сенден кетейинчи, кетейинчи, Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи. Бактымды бир өзүңө байлаганча, Кыдырып дербиш болуп кетейинчи. Мен сенден кетким келди, кетейинчи, Баарын ал, каалаганың берейинчи. Бүт өмүр бир өзүңө байланганча, Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи. Көңүлгө бир муздактык уюп алды, Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды. Койнуңа чакырбачы, эркелетпе, Жан дүйнөм сенден качып туруп алды. Кайырма: Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды, Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды. Тумчугам кучагыңда түндөр узун, Өчөшүп таңдар дагы атпай калды. Кайырма:
  • Жүрөктө мууң Көөдөн толо кусалык Арылбай койдук санаадан Сага жол калган өңдүү тушалып Канткенде калам сагынбай Арман жок эле го Дидарыңа бир тойсом Кайдан келдиң дүйнөмө Чыкпас болуп катылып Сенсиз жашайм күндөрдө Сагынып сагынып сагынып Терезеде гүлүң соолуду Сагынып сагынып Жашоо бизге окутпайт тура А жөн гана көрсөтөт тура Ар бир мүнөт аманат тура Акысы суралат тура Сенсиз күндөр кылымга тете Сагынып сагынып Мен чарчадым а үмүт койбойт Сагынып сагынып
  • Кучагы толгон ооматка Кош келдиңиз кош келдиңиз Ноокатка Ноокаттын алмасын Салкын жел абасы Абширды көрдүңбү Суу чыккан аскасын Кайырма : Ноокаттын алмасын Салкын жел абасын Жайкалат карагоо Жапжашыл арчасы Элдери жөнөкөй карапайым Пейилиңен Ноокатым айланайын Ноокаттын муздары Кылымдын кыздары Элжиген тоолору Кар кетпес учтары Уркуя өткөн жер Кулатып өскөн жер Кудайым ченебе Сууну төккөн жер Жерлериң сут берген матадай Келбедиң наристе баладай Ноокаттын алмасы Сары алтын талаасы Жайкалат карагоо Жапжашыл арчасы Суу чыккан аскасы Сагындым сени Ноокатым Качан сага барамын Сагынып сени саргайдым НООКАТЫМ !!!!!!!
  • Оо менин Чолпонум Күтөм сени дайыма Түбөлүктүү ыр болуп Жүрөктө эле калдың да Кайырма: Оо менин Чолпонум Бир өзүңдү сүйгөнмүн Сүйүп жүрүп жете албай Не кылайын сүйгөнүм Кечиндеси келчи элем Терезеңди чертчи элем Жаным мени көргөндө Күлүп жайнап чыкчу элең Таанышкан күн эсиңдеби Алма бакта бир жүрүп Көргөндө эле арбалыпмын Көздөрүңдү мен сүйүп