Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апакем»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Апаке, чарчадың го түйшүктүн сапарынан,
Жашырып билдирбейсиң кабагыңдан.
Баарысын көрүп турам, Буурул баскан саамайыңдан.
Бар болчу бактыбызга,
Медерим, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.
Мезгилдер шашса дагы, карыбас болсоң кана,
Ошону тилей берем, жаным апа.
Жашарып жылдан-жылга,Тоо гүлүндөй турсаң кайра…
Берейин жаштыгымды,
Берекем, кагылайын.
Апаке, карыбачы,
Апаке, карыбачы, анайын…
Мен эми барктап билем, апаке, эмгегиңди,
Өстүрүп адам кылдың тентегиңди.
Сезбепмин ойноп жүрүп,
Карылыкка келгениңди.
Бар болчу бактыбызга,
Байлыгым, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.

Другие песни исполнителя:

  • Оо менин Чолпонум Күтөм сени дайыма Түбөлүктүү ыр болуп Жүрөктө эле калдың да Кайырма: Оо менин Чолпонум Бир өзүңдү сүйгөнмүн Сүйүп жүрүп жете албай Не кылайын сүйгөнүм Кечиндеси келчи элем Терезеңди чертчи элем Жаным мени көргөндө Күлүп жайнап чыкчу элең Таанышкан күн эсиңдеби Алма бакта бир жүрүп Көргөндө эле арбалыпмын Көздөрүңдү мен сүйүп
  • Кайнилерге азил айткан жеңелер Суранайын бүгүн ырдап берсеңер Кел жеңелер чогу ырдап бийлейли Кызганбаса биздин акелер Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун Ичкениңиз Памир чай болсун Келечекте балдарыңыз мингени Жоргологон кашка тай болсун Тамашакөй шайыр мүнөз жеңелер Качан болсо эрмек болот кайниңер Ыраазымын чын жүрөктөн баарыңа Ыза кылып тергеп келдиңер Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун Көңүлдөрдө шаттык жаз болсун Айттырбастан конок келсе үйүңө Тамак эмес кабак каш болсун Бактыңарга аман болсун акелер Жашагыла чогу карып жеңелер Жамандыктар бизден кетип алыска Кайгы капа убай жебеңер
  • Сүйгөн кызым кошунам эле Бир көчөгө бөлүнүп турчу Күн өткөрбөй жолугат эле Каш-кирпигиң төгүлүп турчу Кайырма: Айсанам айсанам Мөлтүр-мөлтүр көздөрүңдү көргүм келет Ошол кезге бир кайрылып баргым келет Дарактар да жылаңач эле Аркы көчө көрүнүп турчу Жолугушуу кыямат эле Апам көрсө сүйлөнүп турчу
  • Айтып бүткүс жер сууларын, Кереметсиң Кыргызстаным! Өмүр таңым, киндик каным, Ата-журтум, Кыргызстаным! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Эч бир жерге алмашпасым, Сүйүп тойбойм Кыргызстаным! Зоолоруңду тоолоруңду, Коргоп алаар жасоолуңмун! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Кызматым эл үчүн, Ала-Тоо жер үчүн, Төрөлгөм мекен үчүн Баатырыңмын кайтпасыңмын Сактай алаар сарбазыңмын Мекенимди эл жеримди Коргой алаар жоокериңмин Коргой алаар аскериңмин