Казахские песни Узбекские песни

Песня «Чалканды»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн кетсемби,Эртен кетсемби жайлоо жакка чыгып аралап,
Унаа тепсемби күлүн минсемби
Күлүгүмдү алсам такалап.
Касиетиң башка шүдүгөр,
Кирип барсам алан аскада.
припев
Авлетимдин жайлоосу,
Салам чалканды.
Балалык күндөр калды,
Чоң Атамдын Чоң Энемдин,
Бир сенде изи калды.
Көл карагай чалканды,
Ой алма балтырканды,
Аралаган кой айдаган.
Бактылуу күндөр калды.
2 куплет
Терип жесемби алып кетсемби,
Мөлтүрөсө бышып кожогат.
Үстүн көрсөмбү жыгып түшсөмбү,
Сыр катасын аста кожогат.
Ашуу төргө айтып дүбүргөн,
Он ачаарды кимдер ашпаган.
Припев
Авлетимдин жайлоосу,
Салам чалканды.
Аралап балтырканды,
Ээрчип алып чоң атамдын.
Тебинип төр атыңды.
Көл карагай кууганды,
Сагындым каймак нанды.
Ошол кезди чоң энемди,
Бир кайрып берер барбы.
Припев
Авлетимдин жайлоосу
Салам чалканды.
Балалык күндөр калды,
Чоң Атамдын Чоң Энемдин,
Бир сенде изи калды.
Көл карагай чалканды,
Кууганды балтырканды.
Аралаган кой айдаган,
Кайрылбас кезим калды.
Жапжашыл кезим калды.
Ээрчиген чоң атамды.

Другие песни исполнителя:

  • Бүгүн эстедим, биз өткөргөн сүйүү кечтерин, Биз табышкан студенттик жаштык кездерим. Кумар канбай махабатка мас болуп, Бирге тосуп, ар бир түндүн эртеңин Кайырма: Сен дегенде ичкен ашым калчу эле, Сен деп жаным канча азап тарты элем. Жолугушуп коштошо албай экөөбүз, Сүйүүбүзгө күбө болуп канча таңдар атты эле Көзгө жаш алып, аралаймын сейил бактарын, Аягансып мажүрүп тал ийип шактарын. Эстейсиңби ушул бактан тосчу элек, Эркелетип сылап коюп чачтарың Кайырма:
  • Төрөлгөнсүң бөлөнгөнсүң Ак бешикке ыңалап Тай-тай бастың Кас-кас бастың Көлөкөңдү кубалап Күндөр өттү Мезгил өттү Бой жетилдиң сен дагы Үйго бастың көчо бастың Бойдокчулук бул адат Күндөрүңдү өткөрбө Көбүн бекерге А өмүр өтүп жаткан Узун паровоз Курандан бир аяттын Таасири менен Суу ташысам Минип водовоз Кор болгонсуң Зор болгонсуң Жашоо өзү камчылайт Муш бергенсиң Муш жегенсиң Кээде көчө сындырат Ач болгонсуң Ток болгонсуң Өйдө — ылдый болот да Шоктонгонсуң Токтолгонсуң Эми жаша кылдырап Эркек болсоң Баардык эл сүйөт Эркек болсоң Сулуу кыз сүйөт Алдангансың Алдангансың Балким ошол керек да Дос болгонсуң Кас болгонсуң Болбос нерсе себеб да Жаштык өттү жалын өчтү Жаша эми кылдырап Жакшысыңбы Жамансыңбы Жашоо өзү элек да Күндөрүңдү өткөрбө Көбүн бекерге А өмүр өтуп жаткан Узун паровоз Ыймандан бир хадистин Таасири менен Суу ташысам Минип водовоз
  • Жүрөккө куса толуп эстедим, Көзгө тартылып айыл кечтери. Көөдөндө жашап наристе сезим, Оюнга тойбос бала кездерим. Кайырма: Сыдырым желден айтам саламды, Классташтарым эсен-аманбы? Окуучуң болуп кайра мектебим, Кайрылып сага барамбы? Сөзүн да укпай агай-эженин, Өкүнөм дале, тентек экенмин. Балалык күндөр сенде калыптыр, Кайтарып берчи кайра, мектебим?! Кайырма:
  • Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби, Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби. Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул бечара жүрө берет дедиңби Кайырма: Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби, Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби, Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби, Эми, эми мага баары бир Жоктугума шүгүр дейсиңби Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул селсаяк түтө берет дедиңби, Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби, Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби, Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби, Эми, эми мага баары бир Куйрук эмес буйрук жейсиңби Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби, Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби. Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул бечара жүрө берет дедиңби Көнө берет дедиңби Кайырма: