Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бүгүн эстедим»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн эстедим, биз өткөргөн сүйүү кечтерин,
Биз табышкан студенттик жаштык кездерим.
Кумар канбай махабатка мас болуп,
Бирге тосуп, ар бир түндүн эртеңин
Кайырма:
Сен дегенде ичкен ашым калчу эле,
Сен деп жаным канча азап тарты элем.
Жолугушуп коштошо албай экөөбүз,
Сүйүүбүзгө күбө болуп канча таңдар атты эле
Көзгө жаш алып, аралаймын сейил бактарын,
Аягансып мажүрүп тал ийип шактарын.
Эстейсиңби ушул бактан тосчу элек,
Эркелетип сылап коюп чачтарың
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Апам мени сулуу кылып төрөгөн, Алпештеген ак бешике бөлөгөн. Карга дагы аппагым дейт баласын, Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн. Бейиш гулу улам төшөлөп, Алтын апа баскан жолунда. Бакыт гулун көпкө терейин, Ата деген тоонун боорунан. Өмүрүмдүн ошол майрамы, Ата-энемди көрсөм жайдары. Ырахматым айта берем да, Дөөлөттөрүм ата жайдагы. Атам менин бийик өскөн чынарым, Апам менин үйдө жанган чырагым. Кирпи дагы жумшагым дейт баласын, Күнү түнү мээримине тунгамын. Бирине-бири шерик да, Атакем чексиз деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Гулдөп бир турса гул багы, Сагыным барчу турагым. Аска-зоо болсон атаке, Апакем мөлтүр булагы. Эх атакем менин, алтын апам, Алыста жүрүп сагынды балаң. Баргым келет сырдашкым келет. Эркелегим келет. Бирине-бири шерик да, Атакем терең деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Жашоонун көрүп жыргалын, Өмүрдүн каалайм узагын. Бактылуу карылык тилейм, Кудайдан ошо сураарым.
  • Өмүргө келесиң баарына көнөсүң Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың От болуп жанасың алоолоп өчөсүң Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң Жашоого жаралып эх байоо балалык Чоңойсом экен деп улам бир таянып Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң Балалык айылынан алыстап кетесиң Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң Жайылып кулачың дос тууган курасың Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың Ай жылдар агылып байкатпай камынып Жолуңан жолуугар буюрса карылык Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген
  • Бак тиктик, дарактар да куурап калды, Тамыры сууга жетпей кургап калды. Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы, Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды. Кайырма: Мен сенден кетейинчи, кетейинчи, Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи. Бактымды бир өзүңө байлаганча, Кыдырып дербиш болуп кетейинчи. Мен сенден кетким келди, кетейинчи, Баарын ал, каалаганың берейинчи. Бүт өмүр бир өзүңө байланганча, Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи. Көңүлгө бир муздактык уюп алды, Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды. Койнуңа чакырбачы, эркелетпе, Жан дүйнөм сенден качып туруп алды. Кайырма: Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды, Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды. Тумчугам кучагыңда түндөр узун, Өчөшүп таңдар дагы атпай калды. Кайырма:
  • Бул дүйнөгө тигилген данек экенбиз Мансап бийлик байлыка тойоор бекенбиз Айлананы карачы элдер көп жүрөт Миллиондун ичинде жалгыз экенбиз Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Ата-эне карыйбы жашап бала үчүн Аябай күчүн бактысы үчүн Айткылачы балдарың жашайт ким үчүн Ал да бала үчүн Байлык бийлик баардыгы ден соолугуң да Мезгил кайда сапырды досторумду да Бүгүн күнү жашайлы эртең табышмак Жашоо турмуш агызаар бар жогуңду да Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Баатыр гана жашайбы мекен эл үчүн Эл жери үчүң мекени үчүн Айткылачы калганы жашайт ким үчүн Баары өзү үчүн Айкөл гана жашайбы чындык дос үчүн Достору үчүн акырет үчүң Айткылачы досторуң жашайт ким үчүн Анык дос үчүн
  • Айтып бүткүс жер сууларын, Кереметсиң Кыргызстаным! Өмүр таңым, киндик каным, Ата-журтум, Кыргызстаным! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Эч бир жерге алмашпасым, Сүйүп тойбойм Кыргызстаным! Зоолоруңду тоолоруңду, Коргоп алаар жасоолуңмун! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Кызматым эл үчүн, Ала-Тоо жер үчүн, Төрөлгөм мекен үчүн Баатырыңмын кайтпасыңмын Сактай алаар сарбазыңмын Мекенимди эл жеримди Коргой алаар жоокериңмин Коргой алаар аскериңмин