Казахские песни Узбекские песни

Песня «Отуз беш»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эшик ачык какпай конгуроо,
Ээ, салам айтып келди отуз беш.
Тубөлүккө эми коштоштум,
Отуз төртүм эми кайыр кош.

Сүйүнсөң деле күйүнсөң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Ыйласаң деле жыргасаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Убакыттын алып эсебин,
Ээ, ар бир адам сезип туябы.
Берекесин ар бир күнүмдүн,
Берсе экен деп тилейм Кудайым.

Ойносоң деле ойлонсоң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Уктасаң деле чуркасаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Ден-соолуктан айырба,
Шүгүр кылып баарына.
Максат коюп жашап алдыга.
Ээ, бир тууганым келчи деп,
Сүйлөшөлү жалан жакшы кеп.
Канча жашоо калды ким билет.

Сагынсан деле табышсан деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Сүйүшсөң деле күтүшсөң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Ден-соолуктан айырба,
Шугур кылып баарына.
Максат коюп жашап алдыга.
Ээ, бир тууганым келчи деп,
Суйлошолу жалан жакшы кеп.
Канча жашоо калды ким билет.

Другие песни исполнителя:

  • Жаралдың кайдан өмүргө, Жараткан барбы көңүлдө. Тирүүлүк жолун улаган, Ырдайлы өмүр чөлүндө. Төгүлбө өмүр төгүлбө, Ар күнү ойно төрүмдө. Жүз жылга жете жашайлы, Буюрсун аны көрүүгө. Кайырма: Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан жүрөк так калып Мезгилдин улам төрүнө Барабыз чогу акканы Жараткан берген белеги Денеме өмүр шериги Сен барда жыргап жашайлы Бир күнү таштап кетериң Мезгилиң жетсе кезекке Турарсың бир күн бекетте Берген го өтө жакшылык Өмүргө ошол береке
  • Бүгүн кечке барам жолугалы Жок жок жок жок кереги жок Сыр чечишип түнү олтуралык Ийгиликтин эртеңи жок Неге бардың ага жолукпачы Жок жок жок жок барганым жок Жүрөгүмдү эзип оорутпачы Ишен жаным башка ардагым жок Кайырма: Кызганасың кызганамын Таарынасың таарынамын Эми сага эми мага Не кыламын не кыламын Барайынбы гүлүмдү колума алып Жок жок жок жок кереги жок Сагындым го жаным жолугалы Кыздарың көп эсеби жок Мен ишенип сага сүйүп жүрөм Жок жок жок жок алдабачы Узатып сени күтүп жүрөм Менден башка жигит карабачы
  • Айтып бүткүс жер сууларын, Кереметсиң Кыргызстаным! Өмүр таңым, киндик каным, Ата-журтум, Кыргызстаным! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Эч бир жерге алмашпасым, Сүйүп тойбойм Кыргызстаным! Зоолоруңду тоолоруңду, Коргоп алаар жасоолуңмун! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Кызматым эл үчүн, Ала-Тоо жер үчүн, Төрөлгөм мекен үчүн Баатырыңмын кайтпасыңмын Сактай алаар сарбазыңмын Мекенимди эл жеримди Коргой алаар жоокериңмин Коргой алаар аскериңмин
  • Ассалому алейкум, Аксы жерим, аманбы? Кабыл ал саламын балаңдын. Издеп бир келдим колукту, Аксыдан сулуу жолукту, Карашы жүрөктү оорутту. Кайырма: Каштары кара, көздөрү кара, Көргөн жан суктанат. Чырайын кара, басканын кара, Буралат, буралат. Айдын кызыбы, Чолпон жылдызбы, Же бизден алыспы? Сүйүүм жетеби, колум жетеби? Саруубу, багышпы? Өңүмбү билбейм, түшүмбү, Көрбөгөм мындай сулууну. Чын эле, чын эле сүйдүмбү? Кандай бир айла кылайын, Колуңду эми сурайын, Түбөлүк болсоңчу жубайым. Кайырма:
  • Түгөнбөйт өмүр кызыгы Табышмак болот миң сыры Чын сүйүү келди Жашоонун Оорутуп койду бир кызы Көздөрү башка караган Көрүшсөк экен саламат Сүйлөшөт көздөр сөзү жок Баралык жаным махабат Сезимдин айдап кемесин Жылуулук мага бересиң Жаралып калган өмүргө Керемет асыл экенсиң Бир келип калган дүйнөгө Ой өзгөчө бир жан экенсиң Жашоонун бүгүн жазы экен Сүйдүрүп эми койдуң берекем Жетеби кайдан акылым Кошуп бир турса тагдырым Тирүүлүк жана махабат Жүрөктүн жарымы сенде экен Карасам көздөр кадалат Жүрөктү койдуң жаралап Каректин батып ичине Жан дүйнөң кетсем аралап Кирпиктин кирип ичине Эй дүйнөңдү кетсем аралап