Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өмүр»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаралдың кайдан өмүргө,
Жараткан барбы көңүлдө.
Тирүүлүк жолун улаган,
Ырдайлы өмүр чөлүндө.

Төгүлбө өмүр төгүлбө,
Ар күнү ойно төрүмдө.
Жүз жылга жете жашайлы,
Буюрсун аны көрүүгө.

Кайырма:

Жакшыдан жашыл бак калып
Жамандан жүрөк так калып
Мезгилдин улам төрүнө
Барабыз чогу акканы

Жараткан берген белеги
Денеме өмүр шериги
Сен барда жыргап жашайлы
Бир күнү таштап кетериң

Мезгилиң жетсе кезекке
Турарсың бир күн бекетте
Берген го өтө жакшылык
Өмүргө ошол береке

Другие песни исполнителя:

  • Сыртта жамгыр, биз экөөбүз кафеде, Сыр чечише көпкө отурдук бул жерде. Назданасың, жерди карап сөз айтып, Жезде дейсиң, андай дебе, байке де. Кайырма: Ширин, ширин сөзүңдөн, Жылдыз жанат көзүңдөн. Сылап, сылап алгым келди, Чачтарыңдан өрүлгөн. Сүйүү деңиз, биз экөөбүз кемеде, Жүрөгүмдү туйлатасың эмне эле? Отун жактың сезимдерге сүйүүнүн, Болду эми, жигитиңди кел дебе. Кайырма:
  • Келчи, жаным, суранамын тезирээк, Неге бердиң убадаңды күтөм деп? Убадаңда тура албадың сен, жаным, Башка менен, башка менен ак сүйүүмдү тебелеп. Кайырма: Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада. Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кош бол эми, түбөлүгүң башкада. Уялбагын салынып ак жоолукту, Болгун деймин татынакай колукту. Өчүп калды бийик турган карааның, Улам сага, улам сага кайра булгап колумду. Кайырма: Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада. Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кош бол эми, түбөлүгүң башкада.
  • Исфана, Исфана, Араладым, издегеним сен гана, Кара көзүм, жолугамбы мен сага? Жолугуп, жолугуп, Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп, А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп. Кайырма: Не кыласың Лейлекте? Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай. Кой, жеңе! Кой, жеңе, Кудалаштык, жакында сен той дебе, Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе. Буулугуп, буулугуп, Коштошо албай колуң турду сунулуп, Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп. Кайырма: Ыйманыңа береке, Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
  • Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген, Мөмөсүн кандай жандар татып жеген? Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп, Кызарып күнгө кошо батып келем. Кайырма: Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса. Бакыттай, бакыттай, Бакыттай сезилет да. Келээрсиң, келээрсиң мага да, Балким жазда. Негедир ал күндөр, Ал күндөр кечигет да. Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген, Жете албай канча жандар өксүп келген. Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп, Мен эми жашап калдым үмүт менен. Кайырма: Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Сүйүүдөй, сүйүүдөй, Сүйүүдөй сезилет да. Келээрсиң, келээрсин мага да, Балким жазда, Негедир ал күндөр, Ал күндөр кечигет да. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Менин да көз жашым тамчылайт да. Кечикпе! Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда, Күтүүдөн жан дүйнөм, Жан дүйнөм жанчылат да. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Менин да көз жашым, Көз жашым куюлат да. Күтөмүн, күтөмүн, Каректер толуп жашка, Негедир ал күндөр келбестей туюлат да. Сизге балким булар жагат?
  • Апам мени сулуу кылып төрөгөн, Алпештеген ак бешике бөлөгөн. Карга дагы аппагым дейт баласын, Ушубө деп түймөлөрүн төөнөгөн. Бейиш гулу улам төшөлөп, Алтын апа баскан жолунда. Бакыт гулун көпкө терейин, Ата деген тоонун боорунан. Өмүрүмдүн ошол майрамы, Ата-энемди көрсөм жайдары. Ырахматым айта берем да, Дөөлөттөрүм ата жайдагы. Атам менин бийик өскөн чынарым, Апам менин үйдө жанган чырагым. Кирпи дагы жумшагым дейт баласын, Күнү түнү мээримине тунгамын. Бирине-бири шерик да, Атакем чексиз деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Гулдөп бир турса гул багы, Сагыным барчу турагым. Аска-зоо болсон атаке, Апакем мөлтүр булагы. Эх атакем менин, алтын апам, Алыста жүрүп сагынды балаң. Баргым келет сырдашкым келет. Эркелегим келет. Бирине-бири шерик да, Атакем терең деңиз да. Садаган кетем апаке, Таманың астын бейиш да. Жашоонун көрүп жыргалын, Өмүрдүн каалайм узагын. Бактылуу карылык тилейм, Кудайдан ошо сураарым.