Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бакыт издейм»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.
Кайырма:
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.
Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.
Кайырма:
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.

Сизге балким булар жагат?

Другие песни исполнителя:

  • Эгер болсо таарыныч, Не кыласың таарынып? Өткөн өттү кел, досум, Келечекке кам уруп, Жайнамазга баш уруп. Жакшы адамдар доско бай, Көңүл сүйгөн достор бар. Бири-бириңди чансаң да, Тарых чанбас жолдор бар. Гүл өстүрүп көңүлгө, Не бир сонун сөздөр бар. Өз апаңдай тиктеген, Мээрим толгон көздөр бар. Жакшылыктар көп болуп, Кудай көзү түз болуп. Жүрөйүнчү түбөлүк Досторума дос болуп, Бактылуулук коштолуп. Жакшы адамдар доско бай, Аке-үкө достор бар. Жакшы күндөр көп болот, Бизди күткөн тойлор бар. Бал тамызып көңүлгө, Не бир ширин сөздөр бар, Наристедей тиктеген, Таза, тунук көздөр бар. Кандай адам доско бай, Жүрөгү от шоктор бар. Беш маал намаз окуган, Ыйман толгон достор бар. Нур тамызып жүрөккө, Не бир хадис кептер бар. Досту досум деп билип, Кадырына жеткен бар.
  • Жаралдың кайдан өмүргө, Жараткан барбы көңүлдө. Тирүүлүк жолун улаган, Ырдайлы өмүр чөлүндө. Төгүлбө өмүр төгүлбө, Ар күнү ойно төрүмдө. Жүз жылга жете жашайлы, Буюрсун аны көрүүгө. Кайырма: Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан жүрөк так калып Мезгилдин улам төрүнө Барабыз чогу акканы Жараткан берген белеги Денеме өмүр шериги Сен барда жыргап жашайлы Бир күнү таштап кетериң Мезгилиң жетсе кезекке Турарсың бир күн бекетте Берген го өтө жакшылык Өмүргө ошол береке
  • Келчи, жаным, суранамын тезирээк, Неге бердиң убадаңды күтөм деп? Убадаңда тура албадың сен, жаным, Башка менен, башка менен ак сүйүүмдү тебелеп. Кайырма: Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада. Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кош бол эми, түбөлүгүң башкада. Уялбагын салынып ак жоолукту, Болгун деймин татынакай колукту. Өчүп калды бийик турган карааның, Улам сага, улам сага кайра булгап колумду. Кайырма: Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада. Сен ыйлаба, сен ыйлаба, Кош бол эми, түбөлүгүң башкада.
  • Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм, Сен деп жаңылып, эми өкүндүм. Жалган көздөрүң арман коштогон, Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон. Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Сен деп жашагам өмүрдү өткөн, Жол карап дайым озунуп күткөм. Эми кайдасың, аттиң, арман?! Ким менен кеттиң, жашынып жалган? Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?