Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен ыйлаба»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Келчи, жаным, суранамын тезирээк,
Неге бердиң убадаңды күтөм деп?
Убадаңда тура албадың сен, жаным,
Башка менен, башка менен ак сүйүүмдү тебелеп.
Кайырма:
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада.
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кош бол эми, түбөлүгүң башкада.
Уялбагын салынып ак жоолукту,
Болгун деймин татынакай колукту.
Өчүп калды бийик турган карааның,
Улам сага, улам сага кайра булгап колумду.
Кайырма:
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада.
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кош бол эми, түбөлүгүң башкада.

Другие песни исполнителя:

  • Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын, Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын, Издеп жүргөн бейишим таманында апанын. Азаматты эр кылган бата болот турбайбы, Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы, Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы. Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы, Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы. Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат, Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат, Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат. Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы, Агасына иниси жөлөк болот турбайбы. Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы, Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы, Карыганда неберең эрмек болот турбайбы. Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал, Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал. Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал. Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы, Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы. Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы, Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы. Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы, Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы. Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы, Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.
  • Жай да өттү салкын тарткан күз эле, Биз жолуктук тагдыр насип туз беле. Купулума толуп турдуң сукайып, Издегеним мына ушул кыз эле. Ии-ий, карагаттай көздөрү , Тамшандырат создөрү. Ашык болдум сага аппагым. Сен айтпадың мага, Мен да айтпадым сага, Болбосунчу сүйүү арманы. Күнү түнү ойлойм Сен жөнүндө ойлойм Унута албай койдум ардагым. Жашың өттү эми турмуш кеч дебе, Буюрганын көрөбүз да бешене Жолукканча куса болуп баратам. Ойлогонум ошол болуп кечке эле. Ии-ий, карагаттай көздөрү , Тамшандырат создөрү. Ашык болдум сага аппагым. Сен айтпадың мага, Мен да айтпадым сага, Болбосунчу сүйүү арманы. Күнү түнү ойлой Сен жөнүндө ойлой Унута албай койдум ардагым.
  • Ооба жашоо бир келет Сүйүү бир келет Махабатын таппаган Арманда кетет Жоодураган көздөрүң Уурдап караймын Жолукканда качасың Эх ага не себеб Кайырма: Сен жанымсың Сен ойдосуң Жүрөгүмдүн түпкүрүндө ашыгымсың Сен гүлүмсүң Сен күнүмсүң Жүрөгүмдө орун алган асылымсың Ооба жаштык бир келет Таарынтпаш керек Жаштык оту барында Жалындаш керек Карагаттай көзүңдү Сүйүп караймын Кездешкенде качасың Эх ага не себеб
  • Кубанышып апалар, жалпы аялзат Күндөгүдөн жүздөрүндө бугүн күлкү-шат Гүлдестенин мыктысын тандап терейин, Белек кылып бул ырымды ырдап берейин. Бүгүн марттын сегизи, уккуң энеке, Майрамыңда ырдабастан турам эмнеге. Селкилерге ырдайынчы сага карындаш Эжелереге, сүйгөн жарга, сизге жеңеке Батына албай энелер бүгүн кубанып, Кучагында гүлдөр толло ырлар уланып. Аялзаты соолубасын, болсун ар дайым, Бүгүн мен да ырым менен тилек айтайын. Кайырма: Наристеге каалоо айтам, жаткан бешикте, Толкунданып, сүрдөнөмүн белек беришке. Баарыбызды адам кылып, төрөп өстүргөн, Оо, энелер чыкса деймин баары бейишке.
  • Бала кезден бир өскөн Чырпык минип тең өскөн Курдашымдын тойуна Достор менен жүздөшсөм Жигаримдин тойунда Куйчу куйчу куйчу жыргайлы Бий бий бийлеп чын дилден Койчу койчу койчу ошондон эй Тойуң тойго уланып Келген кубаныч Бар бол бар бол жан досум Тойуң уланып Эки дүйнө бактысын Жакшылыгын бир көрсөт Жүзгө чыкчы жан досум Ошондо да бир болсок Жигаримдин тойунда Ойноп ойноп ойноп жыргайлы Бата тилеп чын дилден Койчу койчу койчу достор эй