Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кара каш»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ассалому алейкум,
Аксы жерим, аманбы?
Кабыл ал саламын балаңдын.
Издеп бир келдим колукту,
Аксыдан сулуу жолукту,
Карашы жүрөктү оорутту.
Кайырма:
Каштары кара, көздөрү кара,
Көргөн жан суктанат.
Чырайын кара, басканын кара,
Буралат, буралат.
Айдын кызыбы, Чолпон жылдызбы,
Же бизден алыспы?
Сүйүүм жетеби, колум жетеби?
Саруубу, багышпы?
Өңүмбү билбейм, түшүмбү,
Көрбөгөм мындай сулууну.
Чын эле, чын эле сүйдүмбү?
Кандай бир айла кылайын,
Колуңду эми сурайын,
Түбөлүк болсоңчу жубайым.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөктө мууң Көөдөн толо кусалык Арылбай койдук санаадан Сага жол калган өңдүү тушалып Канткенде калам сагынбай Арман жок эле го Дидарыңа бир тойсом Кайдан келдиң дүйнөмө Чыкпас болуп катылып Сенсиз жашайм күндөрдө Сагынып сагынып сагынып Терезеде гүлүң соолуду Сагынып сагынып Жашоо бизге окутпайт тура А жөн гана көрсөтөт тура Ар бир мүнөт аманат тура Акысы суралат тура Сенсиз күндөр кылымга тете Сагынып сагынып Мен чарчадым а үмүт койбойт Сагынып сагынып
  • Кандай бакыт Балдарыңдын ойногону Кандай бакыт Кылыгына тойбогонуң Атакелеп апакелеп Моюнуңа оролгону Жаратканым өмүрүңдү берсе экен Келечегиң жакшы өмүр сезсе экен Баатыр болуп Жоокер болуп Мекениңе чептей бекем Кайырма: Өсө бер балам Эр жеткин аман Ошону каалайм Садагам аман бол балам Балапаным канаттарын талбаса экен Аргымагым байгесинен калбаса экен Аман бол адам бол Ачуу турмуш таппаса экен
  • Жаныма кубат элең, канат элең, Өзүңчү эч түгөнгүс санат элең. Сагындым ал күндөрдү, оо, таене, Зерикпей жомогуңду айтат элең. Кайырма: Таене айтып берчи жомогуңду, Таене сагындым го кошогуңду. Теңирден күн-түн тилейт элең, Жетилер азамат болорумду, Таене айтып берчи жомогуңду. Чоңоюп эр-азамат болорумду. Таенем намысыңа суктанамын, Кажыбас кайратыңан күч аламын. Эскерүү айтып күндө досторума, Өзүңдү өмүр бою туу тутамын
  • Эгер болсо таарыныч, Не кыласың таарынып? Өткөн өттү кел, досум, Келечекке кам уруп, Жайнамазга баш уруп. Жакшы адамдар доско бай, Көңүл сүйгөн достор бар. Бири-бириңди чансаң да, Тарых чанбас жолдор бар. Гүл өстүрүп көңүлгө, Не бир сонун сөздөр бар. Өз апаңдай тиктеген, Мээрим толгон көздөр бар. Жакшылыктар көп болуп, Кудай көзү түз болуп. Жүрөйүнчү түбөлүк Досторума дос болуп, Бактылуулук коштолуп. Жакшы адамдар доско бай, Аке-үкө достор бар. Жакшы күндөр көп болот, Бизди күткөн тойлор бар. Бал тамызып көңүлгө, Не бир ширин сөздөр бар, Наристедей тиктеген, Таза, тунук көздөр бар. Кандай адам доско бай, Жүрөгү от шоктор бар. Беш маал намаз окуган, Ыйман толгон достор бар. Нур тамызып жүрөккө, Не бир хадис кептер бар. Досту досум деп билип, Кадырына жеткен бар.