Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энекебай»
исполнителя Айдын Шер.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жылдан жылга улгайамын
Апамды ойлоп муңайамын
Жүрөк сыздайт көргөнүмдө
Апамдын картайганын

Апакебай асылым ай
Жароокерим жакыным ай
Бир мен үчүн далай жылдар
Түн уйкуң төрт бөлдүң ай

Кайырма:

Жок күнөөмдү бар кылдырдың
Алладан жаным сындырдың
Ач болсо башка туйгуздуң
Суусасам сууга кандырдың
Мээримиң өчтү асылым

Тогуз ай көтөргөнсүң
Ак бешике бөлөгөнсүң
Кыймылынан көздөрүңдүн
Баардыгын түшүнгөнсүң

Караңгыда мен ыйласам
Жаңылбастан сени тааныгам
Кабар алып балам дедиң
Дагы эле санаа тарткан

Другие песни исполнителя:

  • На закате и во мгле, Мои мысли о тебе. Попрошу, малыш приди ко мне. Ты живёшь в моей душе. Подарила в теплоте, Ты заботу, ласку, нежность мне. Кайырма Я люблю тебя малыш, Ласку сердца ты услышь. Я лечу к тебе одной, Околдован я тобой. Красота твоя всегда, Окрыляет в небеса. Улетаю ты моя мечта. Ярче солнца светиш ты, Блеск в глазах твоих окуни. Обжигают пламенем, пойми. Я живу лишь для тебя, Ты как ангел для меня. Твои чувства я сберегу, Ведь я люблю!
  • Жок, жалынба, сүйө албайм, таарынба, Анткени шагымды сындыргансың сен дагы. Көп убара болбойлу, карындаш, Анткени жактырбайм көтөрүнгөн кыздарды. Кайырма: Сезесиң өзүңдү абдан сулуу, Андан көрө мамилең болсо жылуу.Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп, Бар-жогуна кайыл болуп коюп. Деп коюп ичимден жактырдым, Сыртымдан мазактап каткырдым. Жүрөктүн кылдарын чертем деп, Нотасын буздуң сен жакшы ырдын. Кайырма Чертилбейт билсең жүрөк кылдары, Обонго келбейт анын ыргагы. Өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн, Сезимди булгаганың туурабы? Сенде да, менде да намыс бар, Көп болсо көңүлдөр калышар. А балким, өтсө убакыт, Жүрөктөр тилсиз табышар. Кайырма: Сезесиң өзүңдү абдан сулуу, Андан көрө мамилең болсо жылуу. Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп, Бар-жогуна кайыл болуп коюп. Чертилбейт билсең жүрөк кылдары, Обонго келбейт анын ыргагы. Өзүндүн кызыкчылыгың үчүн, Сезимди булгаганың туурабы?
  • Жүрөккө жазылып, Маңдайга жазылбаган. Кол жеткис махабатымбы? Жарыгым, өзүңдү эстесем жашып барам, Кайталап улам атыңды. Кызганам карааныңды, Кымбатым, кабарымды, Кылчайып сурап койбодуң. Тиктесем көзүң албай, Телмирип көңүл салбай, Махабат менен ойнодуң. Кайырма: Сен дагы сүйүп, сезимиң арна, Мен дагы ошол селкини тандап. Ашыгып сүйүп жетпедик, бирок, Ал сүйүп кетти башканы жандап. Күн санап күтүп сени, Келдик үмүт менен. Тандайт деп эми кимди? Күн менен дайым кош, Чыгып өсүп келген, Таалайдын гүлүн үздүңбү? Ойлонбой туруп терең, Ойноду сезим менен, Оорутуп эки жүрөктү. Кайрылып келет деген, Кайгыны жеңет деген, Үмүттүү канча күн өттү? Кайырма: Бактылуу бол теңиң менен, Махабатта болбойт ченем. Баркың билип эми, Барктап алсын сени аярлап.