Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апакебай»
исполнителя Айдын Шер.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жок, жалынба, сүйө албайм, таарынба, Анткени шагымды сындыргансың сен дагы. Көп убара болбойлу, карындаш, Анткени жактырбайм көтөрүнгөн кыздарды. Кайырма: Сезесиң өзүңдү абдан сулуу, Андан көрө мамилең болсо жылуу.Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп, Бар-жогуна кайыл болуп коюп. Деп коюп ичимден жактырдым, Сыртымдан мазактап каткырдым. Жүрөктүн кылдарын чертем деп, Нотасын буздуң сен жакшы ырдын. Кайырма Чертилбейт билсең жүрөк кылдары, Обонго келбейт анын ыргагы. Өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн, Сезимди булгаганың туурабы? Сенде да, менде да намыс бар, Көп болсо көңүлдөр калышар. А балким, өтсө убакыт, Жүрөктөр тилсиз табышар. Кайырма: Сезесиң өзүңдү абдан сулуу, Андан көрө мамилең болсо жылуу. Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп, Бар-жогуна кайыл болуп коюп. Чертилбейт билсең жүрөк кылдары, Обонго келбейт анын ыргагы. Өзүндүн кызыкчылыгың үчүн, Сезимди булгаганың туурабы?
  • Күн дагы бүркөлдү, Адамдын кабагындай. Турмушуң үзүлөр, Алманын сабагындай. Кайырма: Ыйлаба, кыргызым, Бөксөрбөйт ырысың. Азап күндөн алып чыгат, Буюрса, уул-кызың. Демиңе дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Жашаймын эл менен. Базарда көр турмуш, Кыйналдың сен бир укмуш. Күдөрүң үзбөчү, Болор чоң бурулуш. Кайырма: Кыргызым, ыйлаба, Күн тиет сага да. Намыстуу эр чыгат, Буюрса, бактыңа. Демиңе дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Элим мен сени менен. Элимдин ырысын, Демиткен адамдар. О дүйнө барганда, Бир Кудай жазалаар. Тийбечи, суранам, Элимдин нанына. Убалы кыргыздын, Уктатпайт сени да. Кайырма: Ыйлаба, кыргызым, Кемибесин ырысың. Азап күндөн алып чыгат, Буюрса, уул-кызың. Элиме дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Жашайм мен эл менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Келем мен сени менен, Кыргызым, ай, сени менен.
  • Күндөрүм өтөт туңгуюк менен, Ишенип качандыр бир жолугарыма. Күмөн санабай, сен да мен сымал, Ишенип жүргөндүрсүң табышарыңа. Күтөмүн сени, Сен да күт мени. Кайырма: Бирок бизди табыштыра албайт, Эч бир тагдыр. Күнөөлөбө мени, Күнөө менде эмес. Экөөбүздү тааныштырган күндөн, Көп өтпөй ажыраштык, Күнөөлөбө мени. Тагдырдын жазган мыйзамы экен, Айла жоктон көнөмүн бардыгына мен. А балким, Кудай боору ооруп бизге, Табыштырып коёбу деп үмүттөнөм. Сүйөмүн сени, Сүйөсүңбү мени?