Казахские песни Узбекские песни

Песня «Күнөөлөбө»
исполнителя Айдын Шер.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күндөрүм өтөт туңгуюк менен,
Ишенип качандыр бир жолугарыма.
Күмөн санабай, сен да мен сымал,
Ишенип жүргөндүрсүң табышарыңа.
Күтөмүн сени,
Сен да күт мени.
Кайырма:
Бирок бизди табыштыра албайт,
Эч бир тагдыр.
Күнөөлөбө мени,
Күнөө менде эмес.
Экөөбүздү тааныштырган күндөн,
Көп өтпөй ажыраштык,
Күнөөлөбө мени.
Тагдырдын жазган мыйзамы экен,
Айла жоктон көнөмүн бардыгына мен.
А балким, Кудай боору ооруп бизге,
Табыштырып коёбу деп үмүттөнөм.
Сүйөмүн сени,
Сүйөсүңбү мени?

Другие песни исполнителя:

  • Маралдай басканы багынткан асканы, Баш ийип беребиз байкабай башканы. Бар жашоо болуп сезилет, бакытың болуп кезигет. Жарык нур болуп себилет, Жан дүйнөң ага берилет. Жашоо берген керемет. Кайырма Жигит көңүлүн жибитет, Жибектей узун чачы. Жетсем деп жүрөк эргитет, Жебедей болгон кашы. Кериле басса жарашкан, Келбети мүчө-бою. Кылчайып баары карашкан, Кыздарда болуп ою. Күлкүсү булактай, көздөрү чырактай, Көнүшүп алабыз, көңүлдөр ынактай. Жаралган таңдын желинен, Жан экен өзү керилген. Жарадар болдум эми мен, Табамын кыргыз элимен. Сулуулар чыккан элимен. Кыздардын кылыгына, Кызыккан кылым мурда. Кыргыздын сулуулары, Жашасын кылымдарга.
  • Жазым болдуң сен менин, Жалгыздыкта канча издедим сени. Жан дүйнөмдү термедиң, Кандай бакыт мага келгениң, Асылым менин! Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин. Кайырма: Сага жүрөгүм, жүрөгүм арнадым. Сүйөмүн, сүйөмүн сени толкундап, толкундап. Сен деп жүрөмүн, жүрөмүн балдайым. Келемин, келемин миң бир жол тандап, жол тандап. Жарым болдуң сен менин, Жан дүйнөңө мени кел дедиң. Жанга дарым эрмегим, Жарыгыма айландың менин, Ашыгым менин! Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин.
  • Жылдан жылга улгайамын Апамды ойлоп муңайамын Жүрөк сыздайт көргөнүмдө Апамдын картайганын Апакебай асылым ай Жароокерим жакыным ай Бир мен үчүн далай жылдар Түн уйкуң төрт бөлдүң ай Кайырма: Жок күнөөмдү бар кылдырдың Алладан жаным сындырдың Ач болсо башка туйгуздуң Суусасам сууга кандырдың Мээримиң өчтү асылым Тогуз ай көтөргөнсүң Ак бешике бөлөгөнсүң Кыймылынан көздөрүңдүн Баардыгын түшүнгөнсүң Караңгыда мен ыйласам Жаңылбастан сени тааныгам Кабар алып балам дедиң Дагы эле санаа тарткан
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Сырымды сага айталбадым, Өзүмчө ичимден сыздаймын, Калбады баш ийбеске башка аргам. Кусалыгымды сен сезбейсиң, Сен да башка жанды эңсейсиң, Негедир абалы эки жүрөктүн окшошуп калган. Кайырма: Азыр мен сени сүйбөймүн, Сен дагы мени сүйбөйсүң. Кандай болот турмушубуз, Мен бушайман? Мен дагы каалабасам да, Калбады сенде да айла. Тагдырыбыз экөөбүздүн тушалган. А балким махабат бизде да жаралат. Сезимге биздин эч карабай, Ата-энебиз бизди кыйнады, ай. Айласыз баш кошобуз, Бул дүйнө жалган. Ажалга өзүмдү кыйсамбы? Же укпастан кетип калсамбы? Түшүнбөй койду эч ким жардам берчи, Оо, Жараткан!