Казахские песни Узбекские песни

Песня «Толкундайм»
исполнителя Айдын Шер.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жазым болдуң сен менин,
Жалгыздыкта канча издедим сени.
Жан дүйнөмдү термедиң,
Кандай бакыт мага келгениң,
Асылым менин!
Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин.
Кайырма:
Сага жүрөгүм, жүрөгүм арнадым.
Сүйөмүн, сүйөмүн сени толкундап, толкундап.
Сен деп жүрөмүн, жүрөмүн балдайым.
Келемин, келемин миң бир жол тандап, жол тандап.
Жарым болдуң сен менин,
Жан дүйнөңө мени кел дедиң.
Жанга дарым эрмегим,
Жарыгыма айландың менин,
Ашыгым менин!
Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин.

Другие песни исполнителя:

  • Жылдан жылга улгайамын Апамды ойлоп муңайамын Жүрөк сыздайт көргөнүмдө Апамдын картайганын Апакебай асылым ай Жароокерим жакыным ай Бир мен үчүн далай жылдар Түн уйкуң төрт бөлдүң ай Кайырма: Жок күнөөмдү бар кылдырдың Алладан жаным сындырдың Ач болсо башка туйгуздуң Суусасам сууга кандырдың Мээримиң өчтү асылым Тогуз ай көтөргөнсүң Ак бешике бөлөгөнсүң Кыймылынан көздөрүңдүн Баардыгын түшүнгөнсүң Караңгыда мен ыйласам Жаңылбастан сени тааныгам Кабар алып балам дедиң Дагы эле санаа тарткан
  • Күн дагы бүркөлдү, Адамдын кабагындай. Турмушуң үзүлөр, Алманын сабагындай. Кайырма: Ыйлаба, кыргызым, Бөксөрбөйт ырысың. Азап күндөн алып чыгат, Буюрса, уул-кызың. Демиңе дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Жашаймын эл менен. Базарда көр турмуш, Кыйналдың сен бир укмуш. Күдөрүң үзбөчү, Болор чоң бурулуш. Кайырма: Кыргызым, ыйлаба, Күн тиет сага да. Намыстуу эр чыгат, Буюрса, бактыңа. Демиңе дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Элим мен сени менен. Элимдин ырысын, Демиткен адамдар. О дүйнө барганда, Бир Кудай жазалаар. Тийбечи, суранам, Элимдин нанына. Убалы кыргыздын, Уктатпайт сени да. Кайырма: Ыйлаба, кыргызым, Кемибесин ырысың. Азап күндөн алып чыгат, Буюрса, уул-кызың. Элиме дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Жашайм мен эл менен. Тирүүлүктө, өңүмдө, Келем мен сени менен, Кыргызым, ай, сени менен.
  • На закате и во мгле, Мои мысли о тебе. Попрошу, малыш приди ко мне. Ты живёшь в моей душе. Подарила в теплоте, Ты заботу, ласку, нежность мне. Кайырма Я люблю тебя малыш, Ласку сердца ты услышь. Я лечу к тебе одной, Околдован я тобой. Красота твоя всегда, Окрыляет в небеса. Улетаю ты моя мечта. Ярче солнца светиш ты, Блеск в глазах твоих окуни. Обжигают пламенем, пойми. Я живу лишь для тебя, Ты как ангел для меня. Твои чувства я сберегу, Ведь я люблю!
  • Олтурамын кыялданып, Илхом келип, ырлар жазып. “Сүйүүм качан келесиң?” деп, Суроону мен ырга айлантып. Кайырма: Сүйүү, сүйүү керемет, Тунук сүйүү бир келет. Чынын айтсам, селкилер, Мага сүйүү келе элек. Жүрөк сүйөт бир сулуу, Көңүл сүйөт миң сулуу. Издеп жүрөм таба албай, Араңарда ким сулуу? Тарта албаймын элесиңди, Түштө аян бересиңби? Жаштык кезим өткүчөктү, Сүйүүм мага келесиңби? Кыялымда самаганым, Боло элек махабатым, Сезгендиктен келериңди, Ырларымды сага арнадым.