Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу мага келе элек»
исполнителя Айдын Шер.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Олтурамын кыялданып,
Илхом келип, ырлар жазып.
“Сүйүүм качан келесиң?” деп,
Суроону мен ырга айлантып.
Кайырма:
Сүйүү, сүйүү керемет,
Тунук сүйүү бир келет.
Чынын айтсам, селкилер,
Мага сүйүү келе элек.
Жүрөк сүйөт бир сулуу,
Көңүл сүйөт миң сулуу.
Издеп жүрөм таба албай,
Араңарда ким сулуу?
Тарта албаймын элесиңди,
Түштө аян бересиңби?
Жаштык кезим өткүчөктү,
Сүйүүм мага келесиңби?
Кыялымда самаганым,
Боло элек махабатым,
Сезгендиктен келериңди,
Ырларымды сага арнадым.

Другие песни исполнителя:

  • Күндөрүм өтөт туңгуюк менен, Ишенип качандыр бир жолугарыма. Күмөн санабай, сен да мен сымал, Ишенип жүргөндүрсүң табышарыңа. Күтөмүн сени, Сен да күт мени. Кайырма: Бирок бизди табыштыра албайт, Эч бир тагдыр. Күнөөлөбө мени, Күнөө менде эмес. Экөөбүздү тааныштырган күндөн, Көп өтпөй ажыраштык, Күнөөлөбө мени. Тагдырдын жазган мыйзамы экен, Айла жоктон көнөмүн бардыгына мен. А балким, Кудай боору ооруп бизге, Табыштырып коёбу деп үмүттөнөм. Сүйөмүн сени, Сүйөсүңбү мени?