Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызым»
исполнителя Айдын Шер.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөр,
Алманын сабагындай.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашаймын эл менен.
Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болор чоң бурулуш.
Кайырма:
Кыргызым, ыйлаба,
Күн тиет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буюрса, бактыңа.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Элим мен сени менен.
Элимдин ырысын,
Демиткен адамдар.
О дүйнө барганда,
Бир Кудай жазалаар.
Тийбечи, суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Кемибесин ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Элиме дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашайм мен эл менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Келем мен сени менен,
Кыргызым, ай, сени менен.

Другие песни исполнителя:

  • Олтурамын кыялданып, Илхом келип, ырлар жазып. “Сүйүүм качан келесиң?” деп, Суроону мен ырга айлантып. Кайырма: Сүйүү, сүйүү керемет, Тунук сүйүү бир келет. Чынын айтсам, селкилер, Мага сүйүү келе элек. Жүрөк сүйөт бир сулуу, Көңүл сүйөт миң сулуу. Издеп жүрөм таба албай, Араңарда ким сулуу? Тарта албаймын элесиңди, Түштө аян бересиңби? Жаштык кезим өткүчөктү, Сүйүүм мага келесиңби? Кыялымда самаганым, Боло элек махабатым, Сезгендиктен келериңди, Ырларымды сага арнадым.
  • Жолугуп махабаттын даамын татсаң, Жүрөгүң үмүт кылат. Жалгыздык кучагына азыр батсаң, Жан шерик күтүп турат. Жүрөк үнү да жалгыз болбойт, Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт. Сезимдин оту куйкаласа, Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт. Өмүрүң көрккө келет жолун улап, Махабат жандап турса. Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап, Тагдырың калчап турса. Жүрөк үнү да жалгыз болбойт, Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт. Сезимдин оту куйкаласа, Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт. Турмушуң сызык болот, Ар кандай кызык болот. Махабат коштоп турса, Өзүңдү алдабагын. Тагдырды кармабагын, Сүйүү келсе. Махабат — өмүр көркү. Жүрөгүң сыздап, ооруп жатса, Чыдагын сен ансыз болбойт.
  • Маралдай басканы багынткан асканы, Баш ийип беребиз байкабай башканы. Бар жашоо болуп сезилет, бакытың болуп кезигет. Жарык нур болуп себилет, Жан дүйнөң ага берилет. Жашоо берген керемет. Кайырма Жигит көңүлүн жибитет, Жибектей узун чачы. Жетсем деп жүрөк эргитет, Жебедей болгон кашы. Кериле басса жарашкан, Келбети мүчө-бою. Кылчайып баары карашкан, Кыздарда болуп ою. Күлкүсү булактай, көздөрү чырактай, Көнүшүп алабыз, көңүлдөр ынактай. Жаралган таңдын желинен, Жан экен өзү керилген. Жарадар болдум эми мен, Табамын кыргыз элимен. Сулуулар чыккан элимен. Кыздардын кылыгына, Кызыккан кылым мурда. Кыргыздын сулуулары, Жашасын кылымдарга.