Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен бар учун»
исполнителя Айганыш Абдиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кантер элен?,бир күн айга айлансам

Жылдыз болуп жансам керек жаныңда

Кантер элен?,калсам түнгө айланып

Күтөр элем таң агарган жагында

Кайырма

Кантер элен?,учуп кетсем куш болуп

Сага гана канат болуп бүтмөкмүн

Кантер элен?,кабарымды жоготсом

Түбөлүккө күтмөкмүн

Сен бар үчүн жашап жүргөн оңдоном

Сен бар үчүн ойго батып көрбөгөм

Сен бар үчүн толуп турса жүрөгүм

Бакытымды издебегем озгодон

Сенсиң менин,аруу таным,асманым

Сенсиң менин жүрөгүмө жакканым

Экөөбүздөй дайым бирге жүрсүн деп

Жүрөгүмө — жүрөгүңдү тапканмын

Другие песни исполнителя:

  • Сергитип сезимдин канаттарын, Сүйчүбүз аллея дарактарын. Сагынып, аргасыз эстей берем, Сан жылдыз ажарын талашканын. Саргайтып өткөндүн барактарын, Сан күндү сен жок деп жаратпадым. Сымбатым, сыңыма жарашканым, Сыздатып жүрөктү канатпагын. [Кайырма] Жалгызымсың, жалгызыңмын, Аярымсың, аярыңмын, Сен мени түшүнгөн жалгызымсың. Сен келчү айлуу кеч, аппак кайын Сыры бар жан билбес мага дайым Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс Саматып алыстайт ал ансайын Сабылып жүрөктү чалат жалын Сезгендей күн өтүп баратканын Саамайың жел болуп тарап дайым Санаалар сени издеп барат, жаным Топ гүлдөр ачылтып чанактарын Топ кушта талытып канаттарын Толгонуп толкундай сезеличи Топ жылдар кош айтып баратканын
  • Көздөрүңдөн жаным, Күлгөнүңдөн жаным. Бакыт, ай, барың, ай… Сезип сүйүүнүн чексиз балын, Тагдыр кезиктирген сага жаным. Сүйдүм ай, сүйүүм, ай… Кайырма: Күндөр ай, күндөр ай, Бакытка толгон жүрөк, ай, Жаным ай, жаным ай. Сен барда жашоом жаздай, Сүйүүм таптаза ак кардай, Сүйүүм ай, сүйгөнүм ай. Аруу сезим бергеним ай, Ак сүйүүнү сезейин ай. Ак куудай, ажырабай… Арзып келген белегим ай, Түбөлүктүү тирегим ай Багым ай, багым ай. Сонунумсуң, жаным, Согуп жүрөк дайым. Сен деп ай, сен деп ай. Түшүнгөнүм ар бир абалым, Түйшүктүн жолун табарым, Сүйдүм ай, сүйүүм ай.
  • Билбейм муну сүйүү дейби сезим дейби Ашыктыгым көздөрүмдөн билинбейби Сүйөрүмдү айтсам сиздин жүрөгүңуз Четке кагып бүт айламды кетирбейби Бар…Сезимдер ар кандай Калганбы байкалбай Жүрсөңүз айта албай Күлгөнүңүздө күн бар, Карегиңизде түн бар. Үндөсөм ачпай койду Жүрөгүңүздө ким бар?. Чертилбей сүйүү кылдар Кезексиз өттү жылдар Ачылар бир күн деген Жүрөгүмдө миң сыр бар Жүрөгүмө жашыруун сөз катып койгом Сезимдерди сактайын деп тунук бойдон Кайдан билем жандырмагы сизге буйруп Маңдайыма балким сизди жазып койгон Айт,айтыныз жашырбай Сан ойго батырбай Калбасын ачылбай