Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөгүңүздө ким бар?»
исполнителя Айганыш Абдиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билбейм муну сүйүү дейби сезим дейби
Ашыктыгым көздөрүмдөн билинбейби
Сүйөрүмдү айтсам сиздин жүрөгүңуз
Четке кагып бүт айламды кетирбейби
Бар…Сезимдер ар кандай
Калганбы байкалбай
Жүрсөңүз айта албай
Күлгөнүңүздө күн бар,
Карегиңизде түн бар.
Үндөсөм ачпай койду
Жүрөгүңүздө ким бар?.
Чертилбей сүйүү кылдар
Кезексиз өттү жылдар
Ачылар бир күн деген
Жүрөгүмдө миң сыр бар
Жүрөгүмө жашыруун сөз катып койгом
Сезимдерди сактайын деп тунук бойдон
Кайдан билем жандырмагы сизге буйруп
Маңдайыма балким сизди жазып койгон
Айт,айтыныз жашырбай
Сан ойго батырбай
Калбасын ачылбай

Другие песни исполнителя:

  • Сергитип сезимдин канаттарын, Сүйчүбүз аллея дарактарын. Сагынып, аргасыз эстей берем, Сан жылдыз ажарын талашканын. Саргайтып өткөндүн барактарын, Сан күндү сен жок деп жаратпадым. Сымбатым, сыңыма жарашканым, Сыздатып жүрөктү канатпагын. [Кайырма] Жалгызымсың, жалгызыңмын, Аярымсың, аярыңмын, Сен мени түшүнгөн жалгызымсың. Сен келчү айлуу кеч, аппак кайын Сыры бар жан билбес мага дайым Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс Саматып алыстайт ал ансайын Сабылып жүрөктү чалат жалын Сезгендей күн өтүп баратканын Саамайың жел болуп тарап дайым Санаалар сени издеп барат, жаным Топ гүлдөр ачылтып чанактарын Топ кушта талытып канаттарын Толгонуп толкундай сезеличи Топ жылдар кош айтып баратканын
  • Адатымды сени жакшы көргөн Калтырбадым, кантем сага көнгөм Ойлорумду каптап алып туман Олтурамын капкараңгы бөлмөм Судоку, тагдырыма башым жетпей Же сен кетпей, же мен кетпей Жүрөк улам сени эстейт, мен эместей Тротуар, көлөкөм жана өзүм Жаңырат, ыйлаба деген сөзүң Жакпай абалым Таппай амалын Кайда барарым Түндөсү саат жылбай, убакыт өтпөй Же үзүлбөй үмүт өчпөй Адат болду жашым төкмөй, көңүл чөкмөй
  • Тынч жатпадым,түйшөлүп тынч жатпадым Сен келчүдөй,эшикти кылчактадым Келбээриңди кылт этип ойго салып Жалгыздыктын жаздыгын кучактадым Кайырма Арманым бар эч кимге айта албаган Арманым бар эч кимге байкалбаган Күн өткөрөм ичимден сызган бойдон Жүрөгүм сынган бойдон Кантем анан,кантем анан Күйүт кошо көздөн жаш ылдый агып, Жалгыздык деп аталган чолдо калып. Алыс жактан термелип чалкып турсаң Адашыпмын мен сени көл деп алып