Казахские песни Узбекские песни

Песня «Туман»
исполнителя Айганыш Абдиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Адатымды сени жакшы көргөн
Калтырбадым, кантем сага көнгөм
Ойлорумду каптап алып туман
Олтурамын капкараңгы бөлмөм

Судоку, тагдырыма башым жетпей
Же сен кетпей, же мен кетпей
Жүрөк улам сени эстейт, мен эместей
Тротуар, көлөкөм жана өзүм
Жаңырат, ыйлаба деген сөзүң
Жакпай абалым
Таппай амалын
Кайда барарым

Түндөсү саат жылбай, убакыт өтпөй
Же үзүлбөй үмүт өчпөй
Адат болду жашым төкмөй, көңүл чөкмөй

Другие песни исполнителя:

  • Биздин жолдорубуз бөлүнүп экиге кетти, Кайрылбастан намыска алдырып унутам өзүңдү. Ишенип жүргөн сөзүңө мен, Унутам көзүңдү жалгыздыкта жамынам түндү. Эми мага жалынба башканы сүйгүн түбөлүкө, Мага таарынба сен мен да сүйөмүн түбөлүкө. Сенден башка бирөөнү мени издебе. Менин сага болгон сезимдерим түбөлүк, Балким бул беле бир эки күндүк таарыныч жөнөкөй эле. Кайырма: Убакыттын жебесине каршы кылып, Айлап сандагы кайрылбайт өткөн кез. Кушка айланып учамын алыстарга мен. Мындан ары жазба мага сүйүү катынды, Унуткун менин атымды сени менен бөлүшкөн сырларымды. Алмаштырдым максатымды алдыга сага болгон көңүлүм калды, Түшүндүм өзүңө бүтүн болуп калганымды. Балким бул беле бир эки күндүк таарыныч жөнөкөй эле.
  • Кантер элен?,бир күн айга айлансам Жылдыз болуп жансам керек жаныңда Кантер элен?,калсам түнгө айланып Күтөр элем таң агарган жагында Кайырма Кантер элен?,учуп кетсем куш болуп Сага гана канат болуп бүтмөкмүн Кантер элен?,кабарымды жоготсом Түбөлүккө күтмөкмүн Сен бар үчүн жашап жүргөн оңдоном Сен бар үчүн ойго батып көрбөгөм Сен бар үчүн толуп турса жүрөгүм Бакытымды издебегем озгодон Сенсиң менин,аруу таным,асманым Сенсиң менин жүрөгүмө жакканым Экөөбүздөй дайым бирге жүрсүн деп Жүрөгүмө — жүрөгүңдү тапканмын
  • Көздөрүңдөн жаным, Күлгөнүңдөн жаным. Бакыт, ай, барың, ай… Сезип сүйүүнүн чексиз балын, Тагдыр кезиктирген сага жаным. Сүйдүм ай, сүйүүм, ай… Кайырма: Күндөр ай, күндөр ай, Бакытка толгон жүрөк, ай, Жаным ай, жаным ай. Сен барда жашоом жаздай, Сүйүүм таптаза ак кардай, Сүйүүм ай, сүйгөнүм ай. Аруу сезим бергеним ай, Ак сүйүүнү сезейин ай. Ак куудай, ажырабай… Арзып келген белегим ай, Түбөлүктүү тирегим ай Багым ай, багым ай. Сонунумсуң, жаным, Согуп жүрөк дайым. Сен деп ай, сен деп ай. Түшүнгөнүм ар бир абалым, Түйшүктүн жолун табарым, Сүйдүм ай, сүйүүм ай.
  • Сен менин абадайымсың, Жанымда сен ар дайымсың. Бир ачык, бирде бүркөлүү, Сен менин аба ырайымсың. Кээде муздак,кээде супсак,кээде күйгөн оттойсуң, Кээде күнсүң ,кээде түнсүң ,кээде кызыл чоктойсуң. Кээде жамгыр,кээде бурчак, кээде карга айланып Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимге окшойсуң?? Сен менин абадайымсың, Жанымда сен ар дайымсың. Бир ачык бирде бүркөлүү, Сен менин аба ырайымсың. Кээде жазсың, кээде күзсүң, кээде ысык жайдайсың, 24/7 оюмду сен өзүңө байлайсың. Бирде айсың, бирде күнсүң, кээде көктө жылдыздай Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимсиң , кандайсың??